Оштун түндүгү. Автобус аялдамасынын тушунда таксисттер жарым сааттык аралыктагы кошуна шаар Кара-Сууга адамдарды чакырышууда. Эркек айдоочулардын арасынан ак кийимчен жана көк шляпачан 40 жаштагы аял-айдоочу көзгө илинет. Ал дагы жүргүнчүлөрдү чакырууда: «Кара-Сууга кетебиз! Кара-Сууга кетебиз!»

Биз таксисттерге суроолор менен кайрылсак, алар жооптон качып, тиги зымырыт өңдүү шляпачан Саламат эжеге жөнөтүштү. Ал дагы жеке жүк ташуу менен алектенип, өзүнүн эркек кесиптештерине караганда мамилечил.  

Саламат Орозматова, өзүнүн айтуусу боюнча, Ошто иштеген таксист-аялдардын үчөөнүн бири. Бирок жүк ташуу менен каражат тапкан башка аялдарды көрө элек.  

Биз маектешүү тууралуу макулдашып, кийинки күнү эже менен шаар аралай жөнөдүк да, Кыргызстандын басымдуу учурда консервативдүү болгон түштүгүндө таксист болуп иштөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу суроо салдык.  

Биз автоунаанын ичинде маектешип жатсак, жаныбызга жол чырактын тушунан «Лексус» токтоп, улгайган киши терезесин түшүрүп, сөз баштады.

Эже, сиз чынында таксистсизби? — деп кайрылды ал Орозматовага.

Эгер ишенбесең, кел мен сени жеткирем, — деди эже чакырык менен.

Тиги киши башын чайкап жылмайды да, жолун улантты.

Буга окшогон маектешүүлөр 12 жылдан бери Кыргызстандын түштүгүндө жеке жүк ташуу менен алектенген Орозматова үчүн көнүмүш болуп калган. Анын таксист болуп иштээрине эркектер дароо ишенишпесин айтат ал.

«Алардын айрымдары: “Тез эле жетебизби?” - деп сурашат. Анда мен: “Сиз биринчи отуруңуз, эгер мен тез арада жеткирбесем, анда рулга өзүңүздү отургузам” - деп жооп берем», — деди Орозматова.

Жаш кезинде ал ырчылык өнөрүн аркалап, маданият үйүндө иштечү. Бирок кайсы бир убакта ал кесип тажатканынан бала чагынан берки дагы бир шыктануусу — айдоочулукка өзүн толугу менен арнаган.

Орозматова окуучу кезинде өзүнүн мугалиминин “Запорожецин” айдап кеткенин жана айылда трактор айдоого аракет кылганын айтып берди. Айдоочулук күбөлүгүн ал 2003-жылы алган. Ал убакта милиция максаттуу түрдө аял-айдоочуларды документтернин бар-жогуна текшерүү жүргүзгөн.

Орозматованын бойго жеткен эки баласы жана Орусияда иштеген күйөөсү бар. Аял-айдоочунун айтмында, үй-бүлөсүнөн анын жеке жүк ташуу менен алетенүүсүнө эч ким каршылык көрсөткөн эмес.

«Үй-бүлөм каршы болгон жок. Жолдошум, балдарым мени колдошту», — дейт ал.

Айдоочу ишти баштаган алгачкы жылдары жүргүнчүлөрдү тартуу кыйын болгонун, анткени алар ага ишенишпегенин эстеди. Бирок 12 жыл аралыгында Оштон Кара-Сууга каттаган туруктуу жүргүнчүлөрү пайда болгонун айтты.

«Мага өзүмдүн ишим жагат. 20-22 миң сомду түзгөн киришем мени канаттандырат. Унаамдагы тазалыкты сактайм, ошон үчүн жүргүнчүлөрүм дайыма ыраазы, менин көңүлүмдү көтөрүп жакшы сөздөрдү айтышат», — дейт ал.

Авторлор: Жумагүл Ташболот кызы, Адина Азимканова