Оштон эт алгың келсе, эң эле белгилүү жер — шаардын борборундагы базар. Ал жакта эт базардын ортосунда жайгашкан атайын имаратта жана чет жакалардагы ачык жерлерде сатылат.

Көчө сатуучулары этти бастырмалар алдына жайып сатышат. Ал жакта уй, кой эттеринин үстүндө чымын-чиркейлер учуп жүрүшөт. Сатуучулар аларды кайра-кайра айдаганы менен негизинен алардын аракети ийгиликсиз.  

Имарат ичиндеги абал мындан өтө айырмаланбайт — болгону эттердин күндүн түз нурунда жатпаганы негизги айырмачылык.  

Биз сатуучулардан эттин сапатын тастыктаган документтерин сураганда 20нын арасынан алтысы тийиштүү сертификаттарды көрсөтө алышкан эмес. А сатуучулардын бири Марат Камилов биздин суроолорго жинденди.  

— Ветеринарнык жана лабораториялык документтерди көрсөтө аласыңарбы? — деп сурадым мен.

— Менде бар, башкалардыкын сурагыла, - деп жооп берди сатуучу сертификатын көрсөтпөстөн.  

Карасаңыз, майлыктарыңыз, столуңуз кир, таразаңызда эттин майда кесиндилери жабышкан. Эмне үчүн? - деп суроомду уланттым.

— Андан эмне болуптур? Кара, биздики эле эмес, сеники да ушундай, - деди сатуучу менин кийимимди көрсөтүп.

Бул эт го - биз тамактанган  - дедим мен.

Эгер бышырсаң, эч нерсе болбойт, — деген жообун берди сатуучу.

Базардын лабораториялык көзөмөлдөө жетекчиси Динара Жумаеванын айтуусуна караганда, базарда лабораториялык көзөмөлдөө жок. Эксперттер эттин сапатын «көз менен» аныктайт. Бирок эт базарга келгенче мал союлчу цехте толук каралат.  

«Негизинен союлган мал ветеринардык көзөмөлдөн толук өтөт жана №4 формасы менен бизге келет. А биз жөн эле карап, көзүбүз менен текшерип, анан жөнөтөбүз. Бизде кислота-кошулмасы жок болгондуктан биз текшере албайбыз», — деди ал.

Ошондой эле Жумаева этти сатуу шарттарын текшерүү үзгүлтүксүз жүргүзүлөбү деген суроого так жооп бере алган жок. Анын айтымында, текчелердеги чымын жана кандан арылуу жолдору жокко эсе.

«Эт чабылган жерлер кан болот, бул дарыкана эмес да […] Эреже боюнча иш күнүнүн соңунда баары туз жана хлор менен тазалашат. Эртең менен келгенде дагы бир ирет тазалашат», — дейт ал.

Бирок [текчелер] кир го, эт ачык түрдө сатылууда, — дедим мен.

Бирок жерде жаткан жок да, — деди лабораториялык көзөмөлдөө жетекчиси.

Сатуучулардын бири Тынчтыкбек Эргешов негизги көзөмөл эт базарга келгенге чейин мал сойчу цехте жүргүзүлөрүн айтты.

«Малды биз шаардын жана ошондой эле Аравандын, Ноокаттын, Гүлчөнүн базарларына барып тандап, сатып алабыз. Андан кийин цехке беребиз, ал жактан биздин көзүбүзчө малды союп беришет, анан биз сатыкка чыгарабыз», — деди ал.

Оштогу мал союлчу үч цехтин биринин ветеринардык дарыгери Афтандил Мамашов шаарда сапат көзөмөлүн өткөн эттер гана сатыларын айтты.  

«20 ашык дүкөнчө бар, алардын баары көзөмөлдөн өтүп, сатуу менен алектенишет. Эгер мал оорулуу же дагы башка болсо, ал шаарга киргизилбейт. Буга чейин Ош шаарында оорулуу мал союлду же сатылды деген сөз болгон эмес», — деди ал.

Борбордогу базарда сатылган эт клиникалык көзөмөлдөн өтөөрүнө ынандырды Мамашов.  

«Бул жерде биз дени соо малды гана союп, андан кийин сатыкка таза этти чыгарабыз. Эгер мал оорулуу болсо, анда аны изолятордо кармайбыз, тийиштүү адамдарды чакырып, чара көрөбүз», — деди ветеринар.

Ош ветеринардык кызматынын жеткечиси Кумарбек Исаков белгилегендей, эт саткан жерлер жана мал союу цехтери санитардык талаптарга жооп бербейт. Анын айтымында, жеке бизнести тез-тез текшерүүгө болбогондуктан алардын мекемеси сатуучуларды күнүгө текшерүүгө ала албайт.

«Эгерде бузулган эт сатылса же анын тегерегинде чымындар учса, адамдар арыз жаза алат. Ошондо гана биз текшерүү жүргүзө алабыз, анткени сатуучулар кол тийбестикке ээ (жеке бизнести текшерүүгө киргизилген чектөө тууралуу айтылууда —ред.)», — дейт ветеринардык кызматтын жетекчиси.

Исаков жакынкы убакта союу цехтери «европа стандарттарына» жооп берет деген ишеничте. Ош ветеринардык кызматы атайын долбоор даярдап, мэриянын кароосуна жөнөтүүгө даярдык көрүшүүдө.

«Жалпысынан алсак шаарда баардык стандарттарга жооп берген союу цехтери жок. […] Сатуучулар ак халат жана чепчик кийиши керек эле. Санитардык китеп болушу керек. Санитардык китебисиз эч ким эт сатууга укугу жок», — дейт Исаков.

Сүрөттүн булагы: Pissr.com. Автору: Евгений Зотов

Автор: Айжамал Жаныбекова