Бар, базар жана автобус: Нейротармак Атамбаевдин жолугушууларды кайдан өткөрөөрүн таап көрөт

Algorithmia компаниясы жарыяланган сүрөттөрдүн кайсы жерде тартылганын автоматтык түрдө аныктаган жаңы Scene Recognition нейротармагын чыгарды. Kloop.kg Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин расмий жолугушууларынын сүрөттөрү менен сервисти текшерип көрдү. Көпчүлүк учурда анын жыйынтыктары күтүүсүз болду.

Scene Recognition — колдонуучулардын жарыялаган сүрөттөрү кайсы жерде тартылганын туура аныктоону максат кылган нейротармак.

Kloop.kg «Открытая Азия онлайн» долбоору менен биргеликте тармакты «адаштыруу» үчүн жөнөкөй эмес тапшырмаларды берди. Мисалы, ал президенттин жыйындар залындагы жолугушууларынын сүрөттөрүн оңой эле аныктады.

А эгер тармакка андан кыйынырак тапшырма берсең, мисалы Атамбаевдин Сауд Арабиясынын башчысы менен болгон жолугушуусунун сүрөтүн Scene Recognition базарда тартылган деп аныктады:
01r
Популярдуулугу боюнча экинчи жана үчүнчү варианттарга ылайык бул сүрөттөгү жер көркөм студиясы жана паб. Жаркыраган чыгыш интерьери нейротармакты адаштырды окшойт.

Германиянын канцлери Ангела Меркелди Атамбаев, Scene Recognitionдын пикири боюнча ооруканада, карылар үйүндө, же буюм сактоочу камерада кабыл алган:

Screen-Shot-2016-08-05-at-08.53.46

Ал эми Кыргызстан президентинин элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алуусун нейротармак маараке өтүүчү залында болуп жатат деп берген:

Screen-Shot-2016-08-09-at-15.15.32

Scene Recognition Атамбаевдин Швейцариянын президенти Симонетта Соммаруга менен болгон жолугушуусун музыкалык, же телевизиондук студияда өткөн деген чечим чыгарган:

05r

Ошол эле учурда Атамбаевдин 2015-жылы мартта интервью берген Euronews телеканалынын студиясын нейротармак автобус менен поезддин интерьерине алмаштырып алган:

06r

Айрым учурда тармак туура жооп берет. Мисалы Атамбаевдин 2015-жылы сентябрда барган Бүргөндү массивиндеги курулуп жаткан каналдан тартылган сүрөтүн ал ишенимдүү түрдө (дээрлик 50 пайыз) шлюзалык камера деп тапты. Ар бир эле адам ал эмне жана анын көрүнүшү кандай экенин биле бербейт:

08r

Нейротармак Атамбаевдин 2014-жылы барган ажылык жүрүшүн чагылдырган сүрөтүн да туура тапкан — бул биринчи аракеттен ишке ашпаса дагы, үчүнчүсүндө (дээрлик 7 пайыз) Scene Recognitionдын божомолу чындыкка дал келген. Анда ал сүрөттө мусулмандардын башка ыйык шаары  — Медина берилгенин көрсөткөн:

02r

Ага карабастан тармак Мединаны «Салкын-Төр» тойканасы менен алмаштырып алган — ал сүрөттүн арткы планында жайгашкан, анда Атамбаев 2005-жылы курман болгондордун жаркын элесине арналган гүлзардын курулушу менен таанышып жаткан:

12r

Ошол эле репортаждагы ракурсу төмөн алынган сүрөттү сервис күтүүсүз жерден лыжалык трасса деп тапкан — кыязы, аны кадрдын көп өлчөмүн ээлеген асман адаштырса керек:

11r

Президенттин Жапониядан келген расмий делегациясы менен «Ала-Арча» мамрезиденциясындагы коштошуусун барда деп көрсөткөн нейротармак:

10r

Бейсбол талаасында, Scene Recognitionдын пикири боюнча Атамбаевди Катар бийлиги тосуп алган. Чындыгында эле сүрөткө президент өзүнүн учагынын фонунда, аба майданында түшкөн:

13r

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен Атамбаев нейротармактын ою боюнча, базарда, текстиль же зер дүкөндө жолугушкан. Чынында жолугушуу кыргыз боз үйүндө түркмөн лидери Кыргызстанга келгенде болгон:

07r

Бердымухаммедов менен болгон улуттук түркмөн килеминин фонундагы сүрөт нейротармактын билдирүүсүнө караганда тактыга отуруу залында тартылган:

14r

Соавтор: Марат Абдыкалыков