«Машинеден орун талашып». Москвадагы кыргыз мигранттарынын үйлөнүү-үлпөт тою атышуу менен аяктады

Москвадагы кыргызстандыктардын үйлөнүү-үлпөт тоюндагы атышууда беш адам жабыркады. Атышуу жаш жубайлардын туугандарынын «автоунаадан орун талашуусунан» улам башталган.

Кыргызстандыктардын үйлөнүү тоюндагы мушташтын жана атышуунун 7-августта эртең менен болгонун жазат «Московский комсомолец» гезити.

Басылманын маалыматы боюнча үйлөнүү аземи Москванын Борисовские пруды көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өткөн.  

Тойдун жүрүшүндө баланын туугандары кыздын туугандары менен «автоунаадан орун талашып» тирешишкен, андан кийин сөз менен жаакташуу болуп, ал өз кезегинде атышууга алып келген.  

Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин өкүлү Kloop.kgге билдиргендей, жаңжалдын жүрүшүндө беш адам жабыркаган. Алардын төртөөсү ооруканага кайрылуудан баш тарткан.  

«Алардын баары Москва шаарынын Салматтыкты сактоо департаментинин алдындагы №12 - клиникалык ооруканасына жеткирилген», — дешти элчиликтен.

Бул окуяга карата «бейбештык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Гезиттин маалыматына караганда үйлөнгөндөр кыргызстандык эмгек мигранттар - 23 жаштагы Аяна жана 32 жаштагы Полан.

«Баары сөз менен жаакташуудан башталды. Андан көп өтпөй муштум, бычак жана таяктар да колдонула баштады. Күйөө тараптын туугандары көпчүлүктү түзгөндүктөн кыздын туугандары жардамга досторун чакырышкан. Тигилер көк “пятеркалар” менен келип, жеңип бараткандарды ата башташкан», — деп жазат «Московский комсомолец» басылмасы.