Рио-2016: Олимпиаданын алгачкы үч күнүндөгү жетишкендиктер жана жаракат алуулар

2016 Rio Olympics - Artistic Gymnastics - Preliminary - Men's Qualification - Subdivisions - Rio Olympic Arena - Rio de Janeiro, Brazil - 06/08/2016 Andreas Toba (GER) of Germany is consoled by teammate Lukas Dauser (GER) during the men's qualifications. REUTERS/Mike Blake FOR EDITORIAL USE ONLY. NOT FOR SALE FOR MARKETING OR ADVERTISING CAMPAIGNS.

Риодогу Олимпиада оюндары башталып, өз нугунда өтүп жатат. Алгач күндөрдөн тартып ал олимпиадалык рекорддорго, жаракат алууларга жана чырларга бай болду. Kloop.kg Олимпиаданын алгачкы үч күнүндө болгон кызыктуу окуяларды чогултууну чечти.

Медалдык эсеп: АКШ биринчи орунда, экинчи — Кытай, анын артынан Австралия орун алды.

rio_2016_0908161

Америкалык сүзүүчү Майкл Фелпс 19-жолку олипиада чемпиону аталды. Спортчу өзүнүн кезектеги медалын АКШ курама командасынын курамында эркин стилиндеги 4х100 метр аралыктагы эстафетада жеңди. Фелпс — олимпиада медалдарынын саны боюнча абсолюттук рекорд койгон. Америкалыктарда толугу менен 23 медал бар, алардын 19у алтын, экөө күмүш, дагы экөө коло.

rio_2016_090816_2

Француз спортчусу Самира Аит Саиддин таймашы бутунун сынышы менен аяктады. Гимнаст бекемдөөчү секиригин жасоодо туура эмес туруп калып, аны залдан замбил менен көтөрүп чыгып кетишти, андан кийин ооруканага жеткирилген. Саид 2013-жылдын шакекчелер боюнча Европа чемпиону, анын эсебинде үч күмүш жана Европа биринчилигинин эки коло медалы бар.

rio_2016_090816_3

Риодогу жаракат алуулар муну менен бүткөн жок. Нидерландылык веложарышчы Аннемьек ван Влетен финишке 12 километр калганда жаандан кийин тайгалак жолдо кармана албай кулаган.

rio_2016_090816_4

Ван Влетен жарыштын жүрүшүндө өзүнүн артында келе жаткан Мара Эбботтон 30 секунд алдыда бараткан. Жарышчы мээсинен оор жаракат алып, үч кабыргасынан жарака кеткен. Өткөн түнү Аннемьек реанимацияда өткөрүп, азыр ал эс учунда.

Германия курамасы үчүн гимнастикалык көп кырдуу күрөшүнүн квалификациясы доо кетүүдөн башталды: биринчи эле баскычта өлкөнүн чемпиону Андреас Тоба туура эмес жерге конуп, олуттуу жаракат алган — тизесиндеги сөөктөрдүн байланышын солгундаткан. Бул диагноз команда үчүн күтүүсүз болуп, Германияны мелдештин финалдык бөлүгүнө өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.  

Andreas Toba of Germany performs on the pommel horse during the Men's Artistic Gymnastics event of the Rio 2016 Olympic Games at the Rio Olympic Arena, Rio de Janeiro, Brazil, 6 August 2016. Photo: Lukas Schulze/dpa | usage worldwide

Калыстар тобу Тобанын тизмектен чийип салышкан, ага карабастан спортчу эркин бекемдеп катышуусун улантып, өзүнүн командасында жогорку жыйынтык көрсөтө алды. Андреастын ийгилигинин артынан немец командасы акыркы 8-орунду ээлеп, таймаштын финалдык бөлүгүнө чыга алды.

Эл аралык олимпиада комитети Орусиянын курама командасын Паралимпиада-2016дан четтетүү чечимин кабыл алды. Ага жооп катары Орусия тарап Спорттун арбитраждык сотуна апелляция берди. Четтетүүнүн негизги себеби орусия курама командасынын допинг жаңжалына катыштыгы болду.

rio_2016_090816_6

Көрүүчүлөр Орусия курама командасын эркин стиль боюнча 4х100 метр аралыктагы эстафетасын баштоосунун алдында ышкырык менен коштошту. Андрей Гречин, Данил Изотов, Владимир Морозов жана Александр Сухоруковдон турган команда төртүнчү орунду ээледи. Жеңишке АКШ командасы жетишти.  

rio_2016_090816_7_1

Эл аралык качкындар курама командасынын байрагы менен Риодогу оюндарга катышкан Сириянын атуулу Юсра Мардини 100 метр аралыктагы баттерфляй менен сүзүүдө жеңишке ээ болгон.

AP_835881804846-1-1024x682

Мардини 1 мүнөт 09,21 секунд жыйынтыгын көрсөткөн. Ага карабастан жыйынтыгында 41 орунду ээлеген спортчу жарым финалга өтө алган жок.

Спортчунун таржымалы таң калтырат. 2015-жылы августта Юсра өзүнүн сиңдиси менен өлкөдөн качууга мажбур болгон. Түркияга жетүү менен алар Грециянын жээгине мыйзамсыз өтүүнү макулдашышкан.

Жети адамга арналган кемеге 20 киши отургузулган. Кеменин мотору иштебей калганда ал чөгө баштаган, Юсра менен сиңдиси жалгыз сүзө алгандардан эле. Кыздар кемени жээкке чыгарып, калган жүргүнчүлөрдү куткарып калышкан.

Өзбек гимнасты Оксана Чусовитина, Олимпиада оюндарынын тарыхында эң жашы улуу спортчу болду. Ал 41 жашта. Анын каршылаштары 17 жаштагы баласынын курдаштары. Риодогу олимпиада гимнастканын карьерасында жетинчиси.

rio_2016_090816_8

Автор: Каминат Имирханова