«Азаттык»: Каржы министрлигинин калың чыгымы

Каржы министрлигинин быйылкы жети ай ичиндеги эле чыгымы бүтүндөй парламенттин бир жылдык бюджетинен ашып түштү.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору Кубынычбек Жолдошов.

Мындай көрсөткүч “Ачык бюджет” интернет порталына чыккан маалыматтарды салыштырып, талдоо учурунда аныкталды. Бирок муну Каржы министрлиги борбордук аппараттын эмес, бүтүндөй каржы тутумунун чыгымдары катары түшүндүрмө берди. Анткен менен Жогорку Кеңештин аппаратынан анын чыгымы кыскарганы менен башка мамлекеттик органдардын чыгашалары жогору бойдон калып жатканын белгилешти.

Казына кармоого кеткен миллиондор

“Ачык бюджет” порталында келтирилген маалыматтар боюнча, Каржы министрлиги жыл башынан бери 900 миллион сомдон ашуун каражат чыгымдаган. Анын 490 миллион сомго жакын бюджеттик каражаты жана 75 миллион сомдон ашуун атайын каражаты айлык акы фондун түзөт. 204 миллион сомдон ашууну кызматкерлердин негизги маянасына төлөнгөн. Класстык чинге, көп жылдык эмгек стажына жана ашыкча эмгек убактысы үчүн дагы 93 миллион сом үстөк пул кошулган.

Сый акы жана кенемте сыяктуу кошумча төлөмдөрдүн 193 миллион сомдон ашууну бюджеттен, дагы 69 миллион сомдон ашууну атайын эсептен бөлүнгөн. Ошондой эле 20 миллион сомдон ашуун акча иш сапарларга жумшалса, транспорттук чыгымдар 8 миллион сомду түздү. Финансисттер дагы 8 миллион сомдон ашуун каражатты мейманканаларга чыгымдашкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Каржы министрлиги мындай олчойгон чыгымдарды эбак эле мыйзамдаштырып алганын белгиледи:

- Бул чыгымдар, албетте, көп. Мына ошонун бардыгын Эсеп палатасы карап, текшерип чыкса туура болот эле. Бирок Каржы министрлиги айлык акы менен жанагы кошумча төлөмдөрдүн бардыгын мыйзам жолу менен көтөрүп алышкан. Ошондуктан андан каржылык мыйзам бузууну таап чыгуу кыйын. Анан эми бул жерде чыгымдын өлчөмүнүн көбөйтүп алышканын моралдык жагынан эле айыптабасак, мыйзам бузду деп айтуу кыйын. Чыгашалар чынында эле көп. Баягы бир планшетти 200 миң сомго сатып алганы жатканда коомдук пикирдин басымы менен андан баш тартууга аргасыз болушкан. Бул жерде деле мына ошого окшош нерселер болушу мүмкүн.

Бүтүндөй тутумдун чыгашасы

Анткен менен Каржы министрлиги “Ачык бюджет” интернет порталына чыккан маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди. Бул сандар борбордук аппараттан сырткары райондук каржы бөлүмдөрүндөгү жана министрликтин астындагы мекеме-уюмдарда иштеген, каржы тармагын тейлеген штаттык бирдиктерди кармоого кеткен чыгымдардын бардыгын кошкондон кийин келип чыккан көрсөткүч экени белгиленди. Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова бул тууралуу мындай деди:

- Адамдар “эмнеге мынча чоң сумма” деп ойлошу мүмкүн. Ошондон улам “борбордук аппараттагы 250 адамга эле мына ошончо каржылык чыгым кетет” деген туура эмес. Бул бүтүндөй каржы тутумуна кеткен чыгым. Каржы министрлигинин тутумунда 1100 адам бар. Мына ошондой түшүндүрмө менен бүтүндөй тутум боюнча алганда берилген маалымат туура. Анткени бизде борбордук аппараттан сырткары, аймактык органдар жана министрлик астындагы мекеме-ишканалар бар. Бул суммада бүтүндөй каржы тутумунун бардык чыгымдары камтылган. Ага иш сапар чыгымдары, сатып алуулар жана айлык акылар сыяктуу бардык чыгымдар кирет.

Жогорку Кеңештин жону жукарганда

Анткен менен парламентте иштеген жана анын ишмердигин камсыздаган жумушчулардын саны миң адамдан ашып түшөт. Парламент өлкөдөгү мыйзам чыгаруу жана элдик өкүлчүлүк функциясын алып жүргөн үч бийлик бутагынын бири болуп саналат.

Бирок бүтүндөй бир Жогорку Кеңештин чыгымы каржы тармагынын 7 айлык чыгымына жетпегени парламент өкүлдөрүн да таң калтырды.

Парламенттин 2016-жылга карата бир жылдык чыгымы 777 миллион 400 миң сом болуп бекитилген. Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев бул көрсөткүч улам-улам кыскартуудан кийинки каражат экенин белгиледи:

- Жогорку Кеңештин аппаратында 600 адам. Иш башкармалыгында 300 киши. Мындан сырткары 120 депутат. Жалпысынан миңден ашуун кызматкер. Анан мына ушундай штаттык сандагы парламентке жылына бөлүнгөн жанагы каражат жетип эле жатат. Алдын ала бекитилген бюджеттин чегинен чыкпайбыз. Айлык акы жана кварталдык сый акы каралган. Мындан ашыкча каражат чыгымдай албайбыз. Эгерде мына ошондон ашыкча болуп кетсе, анда биз Жогорку Кеңештин сметасынан чыгып кетебиз. Мыйзамга туура келбей калат. Парламент коомчулуктун көз алдында болуп, анын чыгымдары дайыма ачык көргөзүлүп турат. Коомчулук мына ошондой эле ачыктыкты башка мамлекеттик органдардан талап кылууга акысы бар.

Талдоочулардын баамында, эмгек акыга жана кошумча төлөмдөргө кеткен каражаттарды салыштырууда башка министрликтер менен ведомстуктардын чыгымдары Каржы министрлигине караганда бир топ төмөн болуп чыкты. Каржы министрлиги чогултулган салыктын эсебинен бардык мамлекеттик башкаруу органдарын каржылоо менен мамлекеттин киреше-чыгашасын жөнгө салуучу орган катары ыйгарым укуктары мыйзамда бекитилген.