Бийлик аскер жашындагылардын чет мамлекетке кетүүсүнө тыюу салууну сунуштоодо

Кыргызстандын Мамлекеттик коргоо комитети миграция жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Документке ылайык, мөөнөтүн узартууга уруксат берилмейинче аскер жашындагылардын башка өлкөлөргө кетүүсүнө тыюу салынат.

Мамлекеттик коргоо комитети сунуштаган токтомдун долбоору 4-августта өкмөттүн сайтына жарыяланган. Анда мекеме аскер жашындагыларга өлкөдөн чыгуусуна тыюу салууну сунуштаган.

Мамкомитеттин өкүлү Намызбек Аманалиев Kloop.kgге чектөөлөр 18ден 25 жашка чейинки жаш жигиттерге тиешелүү экенин айткан. Аскерге чакырылгандар өлкөндөн сырткары чыга алышат, ал үчүн алардын мөөнөтү узартылат.  

«Беренелердин бири аскерге чакырылгандарга тиешелүү, эгер мөөнөтү узартылса, анда ал тоскоолсуз чыга алат […] Буга түрткү берген (мыйзам долбоорун кабыл алууга) себептердин бири ички жана тышкы миграция болуп эсептелет. А аскерге кызмат өтөө ар бир жарандын ыйык милдети», — деди ал.

Аскердик милдет жөнүндөгү мыйзамга ылайык, аскерге чакыруу комиссиясы төмөнкү учурларда мөөнөтүн узарта алат: окуусун улантуу үчүн, ден соолугунун жана үй-бүлө абалы боюнча (тууганынын майыптыгы, ата-энесинин эмгекке жарамсызыдыгы жана эгер, аскер жашындагы жаран жалгыз бала болсо).

Мамлекеттик коргоо комитетинин өкүлүнүн айтканына караганда, мөөнөтүн узартуу үчүн окуу жайынан, же медициналык мекемеден тийиштүү маалымкат талап кылынат.

Аскерге чакыруу комиссиясы мөөнөтү узартылгандардын жана узартылбагандардын тизмегин түзүп, жарандардын кыймыл-аракетин жөнгө салуу үчүн чек ара кызматына жөнөтүшөөрү болжолдонууда.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgге курган маегинде, бардык мыйзам долбоорлор Баш мыйзамдын нормаларына жооп бериши керектигин, а сунушталган өзгөртүүлөр ал нормаларга карама-каршы келээрин баса белгиледи.

«Аталган мыйзамды кабыл алуу жарандардын конституциялык укуктарына бузат. Тактап айтканда, Баш мыйзамдын 25-беренесинин экинчи пунктунда, ар бир жаран Кыргыз Руспубликасынан сырткары эркин кете алат деп берилген», — деди ал.

Демилгечилер өздөрү мындай мыйзам миграциялык агымды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет. Алардын ою боюнча, жаш жигиттер өлкөдөн сырткары кетип калып, ошол бойдон аскер кызматын өтөөдөн баш тартышууда.

Мамкомитет түзөтүүлөр кошумча чыгым алып келбешин жана ал эч кандай жагымсыз натыйжа бербешин белгиледи.

«Болбогон» өзгөртүүлөр

Kloop.kgнин сурамжылоосуна катышкан аскерге чакырылуучулар миграция жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү «болбогон» деп эсептешти. Алардын ою бонча, мамкомитеттин демилгеси коррупциялык түзүмдү камтыйт.

Жыйырма жаштагы Тынчтык Kloop.kgге берген маегинде аскер адамынын сунуштап жаткан бул чектөөлөрүнө каршы экенин айткан.

«Мен албетте каршымын (өзгөртүүнүн киргизилишине). Чындыгында болбогон нерсе да. Мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдүн киргизилишине каршы петиция жазуу керек го, эмитен», — деди ал.

Александр, 20 жашта, бул сунуш өзүнө «коррупциялык» түзүмдү камтыйт деп эсептейт.

«Бизде көп окуучулар мектептен кийин Орусияга иштөөгө кетишет. Элестеткиле, канча балага мөөнөтүн узартуу үчүн шылтоо издөөгө туура келет. Жашаган жериңен, үй-бүлөң тууралуу маалымкаттар, мунун баары кошумча чыгымдар»,— дейт ал.

Максим, 18 жашта, миграция жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдүн кириши аны санаага салбайт, анткени ал Кореяга кетүүнү пландоодо.

«Мен үчүн эмнени ойлоп таап жатышкандарынын айырмасы деле жок. Анткени үй-бүлөм толук эмес жана жалгыз бала болгонум үчүн военкоматка барып аскерге барбоонун жолун эчак эле сураштыргам. Мага – ооба – дешти, а эгер чет мамлекетке кете турган болсом кошумча бошотулган деген справка берилет дешкен», — деди ал.