Дарак отургузуп жаткан бала. «Бишкектин мурдагы улуулугу туурасында» стрит-арт

BASICOLORS арт тобунун сүрөтчүлөрү Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын дубалына дарак отургузуп жаткан баланын сүрөтүн тартышты. Граффити, авторлордун ойлонуштурганы боюнча, жашоочуларга Бишкектин СССРдин эң жашыл шаарларынын бири катары таанылган улуулугун эстетип турушу керек.

BASICOLORS арт тобунун жетекчиси Виктор Цойдун айтымында, граффитинин темасын шаардыктар өздөрү сунушташкан. Беш метрлик граффитини тартуу менен беш сүрөтчү беш күн бою алектенишкен.

«Ар бири өз тематикасы боюнча тартып жатышты. Жыйынтыгында гармониялуу сүрөт пайда болду», — деди Цой. Айтымында, сүрөт бекер тартылган.

13940213_686458418168221_249679394_o

Сүрөтчүлөрдүн ойлонуштурулганы боюнча граффити борбор калаанын тургундарына «Бишкектин СССРдин эң жашыл шаарларынын бири катары таанылган улуулугун» эстетип турушу керек.

BASICOLORS арт тобу граффити менен он жылдан бери алектенип келет. Алар көбүнчө коомдук көйгөйлөргө — айлана-чөйрөнүн булгануусу, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, баңгизатка көз карандылык, жакырчылык, кылмышка байланыштуу сүрөттөрдү тартышат.

14001801_686460178168045_232315719_o

13931481_686460188168044_1128075358_o

13932286_686460181501378_1472695133_o

13932144_686460184834711_1099396753_o

Сүрөтчүлөр өздөрүнүн ар бир эмгеги жашоочуларды шаарга карата жоопкерчиликке жана сүйүүгө үйрөтүүсүн каалашат.

Авторлор: Зияра Асылбекова, Сезим Каныбекова