Милиция «жеткиликтүү турак жай» митингинин уюштуруучусуна кылмыш ишин козгоду

«Жеткиликтүү турак жай» митингинин уюштуруучусу, турак жай-курулуш кооперативдер коалициясынын негиздөөчүсү Нурлан Асанов алдамчылык иши боюнча шектелүүдө. Милиция ага карата кылмыш ишин козгоп, анын «качып кеткенин» айтты.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге «жеткиликтүү турак жай» митингинин уюштуруучусу Нурлан Асанов милициядан жашырынып жүргөнүн айткан.

ИИМ өкүлүнүн айтуусу боюнча, Асановго карата кылмыш иши милицияга доо арыздар түшкөндөн кийин козголгон.  

«Ага 166-берене — “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголду. Жарандардан түшкөн бир нече доо арыздар бар. Анда Асановдун турак жай-курулуш кооперативдер коалициясын негиздеп, акча каражаттарын чогултуу менен аларды алдап жаткандыгы айтылган. Учурда шектелген кылмышкер илитөөдөн жашырынып жүрөт», — деди ал.

Асанов — турак жай-курулуш кооперативдер коалициясынын жетекчиси. Анын мүчөлүгүндө 10 миңге жакын адам бар. Өкүлдөрдүн айтуусу боюнча, коалиция турак жайы жокторго арналган көп кабаттуу үйдү курууга даяр болгон кытай инвесторлору менен келишим түзгөн. Курулушту ишке ашырыш үчүн мамлекеттен жер керек эле.

Белгисиз калууну каалаган кооперативдин мүчөлөрүнүн бири Kloop.kgге коалиция менен Асановдун тегерегиндеги араздашуулар анын атаандаштары тарабынан жасалган аракеттер экенин айтты.

«Нурлан азыр эс алууда, ал жашырынган жок. Ал эми акыркы убактарда болгон окуялар анын конкуренттери тарабынан жасалды […] Алар Асановдун долбоору ишке ашпай калышын каалагандар», — деди ал.

Белгисиз калууну каалаган коалициянын дагы бир кызматкери телефон аркылуу курган маегинде «коалиция ичинде эмне болуп жатканы» тууралуу эч нерсе билбешин айтты.

«Биз Асанов азыр каякта экенин билбейбиз. Качкан же качпаганы тууралуу түшүнүгүбүз жок. Биздин иш токтоп калды, биз эмне болорубуз белгисиз. Офисте реквизиция жүрүп жатат», — деп белгиледи ал.

Буга чейин, 26-июлда Горький атындагы сейил багында «жеткиликтүү турак жай» митингин уюштургандыгы үчүн Асанов камакка алынган.

Тартип сакчылары аны жана анын кесиптештерин коомдук тартипти бузган деп айыпташкан. Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин Kloop.kgге айтуусу боюнча, уюштуруучулар менен катышуучулар аянтка чыгып, жолду тосуу аракетин жасашмак. Ал тууралуу катышкандар Ак үйгө чейин жөө жүрүүнү пландашканын айтышкан.

Уюштуруучулар менен биргеликте айлыгы аз жарандарга бийлик өкүлдөрүнүн үй тургузууга жер бөлүп бербегенине нааразы болгон митингдин 28 катышуучусуна айып пул салынган.

Автор: Алтынай Обосканова