Пенсиянын орточо ченемин 10 пайызга – 5173 сомго көтөрүшөт

Пенсиянын орточо ченеми 1-октябрдан баштап 4562 сомдон 5173кө көтөрүлөт. Экономисттер жогорулатылган пенсия дагы деле «өтө төмөн» деген пикирде.

Пенсиянын 1-октябрдан тарта жогорулашы күтүлүүдө. Бул маалымат президент Алмазбек Атамбаевдин вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жана соцфонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров менен болгон жолугушуусунан кийин белгилүү болду.

Пенсиялык төлөмдөр 10 пайызга — 4562 сомдон 5173 сомго жогорулайт.

Президент Алмазбек Атамбаев пенсиялык системадагы жүргүзүлүп жаткан реформалар аны «жарандарга карата калыс» болушу керектигин жарыялаган.  

«Пенсионерлерге камкордук көрүү мамлекеттин негизги милдети. Андыктан мүмкүнчүлүктөн пайдаланып адекваттуу пенсия менен камсыз кылууга бардык күч-аракетти жумшаш керек», — деди президент.

Экономист Искендер Шаршеев пенсиянын орточо эсеби минималдык керектөөнүн суммасынан жогору болушу керек, а бизде андай эмес деп эсептейт.

«Бүгүн пенсия 3800-4000 сомду түзөрүн билем. Ал эми минималдык керектөө 100 долларды камтыйт. Негизи тескерисинче болушу керек», — деди ал.

Анын ою боюнча жашоонун наркы пенсиянын өлчөмүнөн «кыйла жогору».

«Инфляциянын ылдамдыгы пенсиянын жогорулашына тоскоолдук кылууда. Бир адамдын татыктуу жашоосу үчүн 11-15 миң сом талап кылынат. Албетте пенсиянын өлчөмү аз», — деп эсептейт Шаршеев.

Экономист Айылчы Сарыбаев пенсиялык төлөмдөр «өтө аз» дегенге кошулат.

«Алар мүмкүнчүлүгүнө жараша жогорулатууда. Кыязы, республиканын бюджети пенсиянын өлчөмүн тийиштүү ченемге көтөрүүгө шарт түзбөй жатат. Ушуга дагы рахмат деш керек», — деди ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, инфляция жылдык эсеп менен 2015-жылга карата 3,4 пайыздык деңгээлде түзүлгөн. Ал эми 2014-жылга карата инфляция 10,5 пайызды түзгөн.