Рио-2016: Олимпиада оюндарынын төртүнчү күнүндөгү рекорддор жана жаңжалдар

RIO DE JANEIRO, BRAZIL - AUGUST 09: Michael Phelps of the United States celebrates winning gold in the Men's 200m Butterfly Final on Day 4 of the Rio 2016 Olympic Games at the Olympic Aquatics Stadium on August 9, 2016 in Rio de Janeiro, Brazil. (Photo by Adam Pretty/Getty Images)

Мелдештин төртүнчү күнү спорттук рекорддорго гана эмес, олимпиаданын тегерегиндеги жаңжалдарга да бай болду. Kloop.kg Олимпиада оюндарынын төртүнчү күнүндөгү кызыктуу окуяларды сунуштайт.

Медалдык эсеп: АКШ биринчилигин сактап келе жатат, экинчи — Кытай, үчүнчү орунда — Венгрия.

20160810_183339

Майкл Фелпс рекорддорду коюусун улантууда. Америкалык спортчу дагы эки алтын медалдын ээси болуп, 21-жолку олимпиада чемпиону аталды. 200 метр аралыкка баттерфляй менен сүзүүдө жеңген алтын байгеден кийин ал командасынын курамында 4-200 метр аралыктагы кролдук эстафетада биринчи орунду камсыздады.

Michael Phelps competes in preliminary heat 14 of the Men's 200 m Butterfly during Day Three of the 2012 U.S. Olympic Swimming Team Trials at CenturyLink Center in Omaha, Nebraska. (Al Bello/Getty Images)

Сууга секирүү мелдеши үчүн даярдалган бассейндеги суу жашыл түскө боёлгон. Күндүзү суу кадимки ачык-көк өңдүү эле, ал эми жанындагы бассейнде эч кандай өзгөрүү болгон жок. Суу жашыл өңгө мелдеш учурунда боёлгон. Уюштруучулардын айтуусу боюнча, алар тест өткөрүшүп, спортчулар үчүн зыяны жок экенин аныкташкан. Ошондой болсо да окуя иликтөө жүргүзүүгө түрткү берди.

full-00c9ad774628c356a5616e84f289cfbe1440x-1470785688

Журналисттер бараткан автобуска түшүнүксүз буюм ыргытышты. Анын натыйжасында унаанын эки терезеси жарылган. Автобустагы 12 журналисттин ичинен үчөө жеңил жаракат алышты. Окуя журналисттердин Белоруссия менен Бразилиянын ортосунда болгон баскетболдук мелдештен кийин оюнчулар бакчасына баратышкан жолдо болгон.

«Таш ыргытылганын, же ок атылганын биз алигиче билбейбиз», – дейт уюштуруу комитетинин басма сөз катчысы Марио Андрада.

Damage to a media bus in the Deodoro area of Rio de Janeiro on the fourth day of the Rio Olympic Games, Brazil. PRESS ASSOCIATION Photo. Picture date: Tuesday August 9, 2016. Photo credit should read: David Davies/PA Wire. RESTRICTIONS - Editorial Use Only.

Бельгиялык дзюдочуну жээктен тоношкон

73 килограмм салмагында олимпиадалык коло бейгенин ээсин Копакабананын жээгинен тоноп кетишкен. Дзюдочу Дирк ван Тихелтке дүйшөмбү күнү кечинде өзүнүн жеңишин суунун жээгинде белгилөө үчүн барган жеринен уурулар кол салган.

Кылмышкер спортчуну бетине муштап, анын чөнтөк телефонун көтөрүп кеткен. Окуядан кийин дзюдочу ооруканага жеткирилип, бирок медициналык жардам керектелген эмес.

Ал эми анын медалы уурдалган жок.

12

Эфиопиялык сүзүүчү күйөрмандарын өзүнүн «чымыр эмес денеси» менен таң калтырды

Эфиопиялык спортчу Робел Кирос Хабте мэмдердин каарманына айланды. Reuters кабар агенттигинин твиттер-аккаунтуна жарыяланган сүрөт күйөрмандарды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын кеңгиретти. Алар спортчунун «чымыр эмес денесине» таң калышты.

Хабте, күтүлгөндөй эле өзүнүн биринчи сүзүүсүндө жеңишке жеткен эмес. Ал 100 метр аралыктагы эркин стиль боюнча мелдешинде 1 минуту 04.95 секун жыйынтыгын көрсөткөн. Бул жеңүүчүдөн 15 секундага артта калуунун көрсөткүчү.

rHyz96G

Автор: Каминат Имирханова