Сүрөт: Кондитердик азыктар кантип жасалат?

Той-аштарды кондитердик таттууларсыз элестетүү мүмкүн эмес. Kloop.kgнин кабарчылары кондитердик ун азыктарынын кантип жасалаары менен барып таанышып келишти.

Бишкекте кондитердик таттууларды жасаган цехтер көп. Той-аштарда дасторконго коюлган ун кондитердик азыктарын жасаган «Сейил» кондитердик цехине баш бактык.

Confectionery_Bishkek (1) Confectionery_Bishkek (2)

Цех эки жарым жылдан бери таттууларды чыгарып келет. 15 адамды жумуш менен камсыз кылган цехти Азамат Аскарбеков апасы менен чогуу негиздегенин айтат.

Confectionery_Bishkek (3) Confectionery_Bishkek (4)

Цехте булочка менен печеньенин 20га жакын түрү жасалат. Ун азыктары болгондуктан бир күн мурда камыр даярдап алышат. Камыр үчүн күнүнө 100 килограмм ун кетээрин айтат цехтин башчысы Азамат.

Confectionery_Bishkek (8)

Андан кийин ун азыктарынын ичине салынган таттуулар жасалат. Ал үчүн түрүнө жараша кою сүт, кара өрүк жана башка кургатылган мөмө жемиштер пайдаланылат.

Confectionery_Bishkek (12)

Камыр кесилип, ичине таттуулар салынган кондитердик азыктар даяр болгон соң электр мешине коюлат. Анда 20 мүнөт тургандан кийин таттуулар даяр болот.

Confectionery_Bishkek (10)

«Заказ болбогон учурлар болот. Жайында заказ аз болот. Ысыкта эл дагы азыраак жеп, көп суусундук ичет», — дейт цехти иштеткен Азамат.

Авторлор: Бегимай Талантбек кызы, Жаңылай Толкунбек кызы