Балдардын башын бириктирген футбол

Профессионал жана көчө футболчулары менен бирге балдар үйүндө тарбияланган футбол сүйүүчүлөрдүн курамалары Бишкектин футбол аянтчаларынын биринде беттешишти.

«Футбол баары үчүн» деп аталган турнирди коомдук долбоорлор боюнча адис Данияр Байчороев уюштурган. Байчороев билдиргендей, турнирдин максаты — балдар үйүндө тарбияланган балдарды башка професионалдуу футбол ойногон балдар менен тажрыйба алмаштырып, алар менен тааныштыруу.

Турнирге жалпы 10 команда катышты. Алардын үчү профессионалдуу, төртү көчө футболчуларынан түзүлгөн курама, ал эми калган үчөө балдар үйүнүн командалары.

«Бул турнирди биз “Футбол баары үчүн” деп атадык. Көчө футболчулары професионалдуу футболчулардан айырмасы жок. Балдар үйүндөгү балдарды байкасак алар аябай берилип ойношот экен. Тайван Кайрымдуулук Фонду бизге демөөрчү болду. Жалпы 20 миң сом акча кетти», — деп айтты уюштуруучу.

1-орунду Маевка айылынан келген профессионалдуу команда алса, 2-орунду Бешик-Таш командасы багындырды. 3-орунду Балдардын чыгармачылык борбору командасы алды.

Авторлору: Нурислам Жанибеков, Өмүрбек Нурматов