Бишкек: Тез жардам дарыгерлерине окуяга түшүндүрмө берүүсүнө тыюу салышты

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тез жардам дарыгерлерине жалпыга маалымдоо каражатарына түшүндүрмө берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары билдирди.   

Бишкек милициясы Саламаттыкты сактоо департаментине алардын жалпыга маалыдоо каражаттарына түшүндүрмө берүүсүн токтотууну өтүнгөн катын жөнөткөн. Өтүнүч «күчтүү дезинформациянын» жүрүшү менен түшүндүрүлгөн.

Департаменттин директорунун орун басары Тилек Жантайбеков ИИБнин каты 10-августта келгенин Kloop.kgге айтты.  

«[ИИБ] акыркы убактарда ЖМКда Бишкек шаарындагы  криминалдык абал тууралуу макалалар 103 тез жардам станциясынан алынган маалыматтардын көрсөтмөсү менен жарыяланууда. Мындай абал өлтүрүү, зордук көрсөтүү жана оор жаракат келтирүү сыяктуу кылмыш иштерин иликтөөдө тоскоолдук жаратып жаткан», — деди Жантайбеков.

Анын айтымында, тыюу салуу Кылмыш жана жаза кодексинин (КЖК) 19-беренесине негизделген — ал «иштин кырдаалын ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөө».

«Мисалы, акыркы окуя. Анда бардык ЖМКлар дүкөндөгү муунуп алган кыз тууралуу жазышкан. Көрсө ал зордукталып, андан кийин илинген. А дарыгерлер аны өз өзүнө кол салган деп айтышкан», — деди департаменттин өкүлү.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Жибек Кенжебекова КЖКнын 19-беренеси менен маалымат берүүгө тыюу салууну негиздөө кыйын экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай учурга 245-берене төп келет — «дарыгерлик купуялыкты жарыялоо».

«Дарыгерлик купуялык — медицинадагы укуктук түшүнүктүн дал өзү. Ал медицина тармагынын өкүлдөрүнө бейтаптын ден-соолугунун абалын, диагнозун, текшерүүнүн жыйынтыгын жана медициналык жардам алууга кайрылуу фактысын жарыялоого тыюу салат», — деди юрист.

Бишкек шаардык ИИБ түшүндүрмө алууга жеткиликтүү болгон жок.

Автор: Марат Абдыкалыков