Кара-Балта Бишкектен 60 километр алыстыкта жайгашкан. Шаар аркылуу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген маанилүү транспорттук байланыш өтөт.
Башында шаар Кош-Тегирмен деп аталган, ал эми 1976-жылы байыртан бери Чүй өрөөнүн жердеген, солто уруусунан чыккан баатырдын атына — Кара-Балта деп өзгөртүлгөн.
Көз алдында шаардын жаралып, өнүгүшүн карыя Алтынкүл Карабалаева эскерет. Анын айтымында, ал окуган жылдары азыркы Кара-Балтанын ордунда чаңы сапырылган боштук орун алган.
«Ал мезгилде шаардын ордунда анча чоң эмес Кош-Тегирмен айылы жайгашкан. Бул жакта эки чоң тегирмен бар болчу, ага жергиликтүү жана кошуна айылдын жашоочулары ун салдырганы буудай ташышчу. Биз аны Почтовый деп атачубуз, аткени бул жерде чоң телеграф менен почтанын мекемеси жайгашкан эле», — дейт ал өзүнүн жаш кезин эскерип.
Кара-Балта Кыргызстан социалдык республикасынын өндүрүш борбору болот деп пландалган. Ошондуктан кыска мөөнөттүн ичинде ири өндүрүш объектилери тургузулган: кант заводу, спирт заводу, бир нече миң жумуш орундарын камсыздаган килем тигүү комбинаты, ун салуучу, нан жана ошондой эле, куруу заводу.
Бул жерден азык-түлүк өндүрүшү үчүн инженер-технологдор даярдалчу. Алардын ичинде алкоголь ичимдигин өндүрүүчү технологдор да бар. Ошол учурда салынган карабалталык спирт заводу бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Алтынкүл апанын айтуусу боюнча, 2010-жылдан кийин өндүрүштүн көбү жабылууга дуушар болгон. Мисалы, ири нан заводунун ордуна учурда кичинекей наабайканалар иштейт. Өндүрүштүн токтоп калганына байланыштуу көп үй-бүлө ишсиз калып, жардыланды дейт жергиликтүү тургун.
Жалпы жумушсуздук активдүү миграцияны пайда кылды — сырткы жана ички. Калган тургундар жашоосун соода-сатык, айыл чарбасы жана мал чарбасы менен камсыздашат.
«Совет доорунда жаштар үчүн көп нерсе жасалчу. Ал убакта жумуш көп болчу. А азыр жумуш жок, ошондуктан кыйын болуп турат. Айлык маяналар дагы өтө аз», — деп кошумчалады апа.
Алтынкүл апанын небереси Диана шаарда көңүл ачууга жана өзүн өнүктүрүүгө арналган жерлердин жетишсиз экенин айтат.
«Оюн-зоок комплекстерин ачуу керек, ал эми шаардын түштүк аймагына өспүрүм балдарды компьютердик клубдардан сууруп алуу үчүн китепканаларды, жеткиликтүү фитнес-борборлорду ачуу зарыл», — дейт ал.
Учурда Кара-Балтада эки маданий үйү, эки ден-соолук чыңдоочу-спорттук комплекс, стадион жана үч бассейн бар. Мунун бары шаардын 100 миңге жакын калкына арналган.
Тексттин жана сүрөттүн автору: Чинар Исраилова-Харьехузен