300 миллион сомго жүздөгөн мектептер Интернетке жана санариптик телеге кошулат

Илим жана билим министрлиги Кыргызстандын жүздөгөн мектебин Интернетке жана санариптик телеберүүгө кошуу үчүн тендер жарыялады. Кызмат көрсөтүү үчүн министрлик 300 миллион сом бөлүп берүүгө даяр.  

Санариптик телеберүүгө жана Интернетке кошуу үчүн жарыяланган тендер 12-августта Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган.

Жарыяда мекеме 603 мектепти дүйнөлүк тармакка кошору жана ал үчүн министрлик 163 миллион сомдон ашык акча каражатын бөлүүгө даяр экени айтылган.

Интернет тармагына кошула турган мектептердин көбү Жалал-Абад менен Ош облустарында жайгашкан — бул 142-132-мектептер.  

12 айга тармактын жеткиликтүү болушу менен, мектептерди Интернетке кошуу 2016-жылдын 1-декабрына чейин аякташы керек.

Бул мектептерге дүйнөлүк тармакты киргизүү боюнча тендердин экинчи ирет жарыяланышы. Үстүбүздөгү жылдын июль айында аукцион максатына жетпей калган. Анын себеби, тендердин жалгыз катышуучусу — «Кыргызтелеком» чыгымдар үчүн эки эсе көп бааны талап кылган.  

«Тендер "Кыргызтелекомдун" сынактык билдирмесинде берилген баанын бюджеттен бөлүнгөн суммадан кыйла жогору болгонуна байланыштуу жокко чыгарылган», — деп айтылат Мамлекеттик сатып алуулар сайтында.

Ошол эле күнү 2100дөн ашык мектепти санариптик телеберүүгө кошуу боюнча тендер жарыяланган — ал үчүн 136 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Санариптик телеберүүгө кошула турган мектептердин тизмеси Мамлекеттик сатып алуулар сайтында көрсөтүлгөн эмес.  

Бул аракеттердин себебин министрлик интернет «окутуунун эффективдүүлүгүн, окуучулардын тартиптүүлүгүн жогорулатат» жана ошондой эле, окуучуларга «маалымат булактарын чыгармачылык менен, конструктивдүү колдонууга» мүмкүнчүлүк берет деп түшүндүрөт. Мекеменин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагындагы 2218 мектептин ичинен 742си дүйнөлүк тармакка кошулган.

Билим берүү министри Эльвира Сариева, 2016-жылы март айындагы басма сөз жыйынында окуу жайлар санариптик маалыматтык технологияларга өтүшү керектигин айтып, бирок мектептердин 25 пайызы гана компьютерлер менен камсыздалганын белгилеген.