Кыргызстан Рио-2016да: Маслова жарыш мелдеши боюнча улуттук рекордду койду

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова 10 километр олимпиадалык жарышта жеңиш марасына 19чу болуп келип, бул аралыктагы мелдеш боюнча Кыргызстандын рекордун койду. Алтын байгени эфиопиялык Алмаз Айана багындырды. Ал дүйнөлүк жаңы рекордду орнотту.  

Жарышка 37 спортчу катышкан. Риодогу Олимпиадада кыргызстандык эң жаш спортчу Маслова бул аралыктагы мелдеш боюнча өлкөнүн тарыхында эң ылдам убакытты алгачкы болуп көрсөттү - 31 мүнөт 36,9 секунд.  

Андан тышкары, Маслова 10 километр аралыктагы жарышка катышкан алгачкы кыргызстандык спортчу аталды. Буга чейин анын чоң ийгилиги катары, 2016-жылдагы Азия чемпиондугунда багындырган коло байгеси белгилүү. Спортчу ал жеңишке 5 киломметрдик жарышта көрсөткөн ийгилиги үчүн татыган.

21 жаштагы Пристань-Пржевальсктын тургуну жарыштын жеңүүчүсү, эфиопиялык Алмаз Айанадан 2 мүнөт 19 секунд убакытка артта калган.

Жеңүүчүлөр үчилтигин Африка континентинин спортчулары ээледи: жеңиш марасына экинчи болуп Вивиан Черуйо келип, ал эми коло байгени эфиопиялык дагы бир спортчу - Тирунеш Дибаба багындырды.

Айананын дүйнөлүк жаңы рекорду 29 мүнөт 17,45 секундду түздү. Бул ага чейинки рекорддон 14 секунда алдыда.

NWvhzm2G