Рио-2016: Дзюдочу Краковецкий байге үчүн мелдештен түштү

Кыргызстандык Юрий Краковецкий олимпиадалык мелдештин жубатуучу жарым финалында жеңилип, коло байгени багындыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

100 килограммдан ашык салмакта мелдешке чыккан Краковецкий, жубатуучу жарым финалда кубылык Алекс Гарсия Мендостон жеңилип калды.

Мелдештин алгачкы эки мүнөтүндө күрөш бирдей жыйынтык менен өттү. Бирок ал убакта Краковецкийдин эсебинде бир эскертүү бар болчу — эгер таймаштын жыйынтыгы бирдей болуп калса, пайда Мендос тарапка чечилерин билдирген.

Мындай абалда кыргызстандык тобокел кылууга аракет жасаган. Бирок анын аракети жеңилүүгө алып келди. Спортчу Мендоско каршы ыкма колдоном деп, өзү татамиге чалкасынан жыгылган. Натыйжасында кубылык дзюдочу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Мендостун чечкиндүү аракети, Краковецкий көк өңдө.

Краковецкий менен болгон мелдештен кийин Мендос израилдик спортчу Ор Сассон менен беттешип, жеңилип калды.

Краковецкий Риодон байгесиз кетти. Бирок 23 жаштагы спортчу дзюдо боюнча олимпиадалык оюнда өз өлкөсү үчүн эң жогорку көрсөткүчкө жете алган. Буга чейин бир дагы кыргыз дзюдочу финалдын төртүнчү бөлүгүнө жеткен эмес.

Мендос менен болгон беттешүү финалдын төртүнчү бөлүгүндө жеңилгендер үчүн жубатуу баскычында өткөрүлгөн. Ага катышкандар коло медалы үчүн гана күрөшөт.

Алтын менен күмүш байге алуу мүмкүнчүлүгүнөн Краковецкий ошол эле күнү өткөн өзбекстандык дзюдочу Абдулло Тангриев менен болгон мелдеште жеңилгенде ажыраган.

Кыргыз дзюдочусу үчүн бул экинчи Олимпиада. Буга чейин Лондондогу Олимпиадада спортчу биринчи раундда эле мелдештен түшкөн.