Сот аткаруучулар 2016-жылдын сентябрынан баштап сот залын көзөмөлгө алат

2016-жылдын сентябрынан баштап сот залында сот аткаруучулары пайда болот, алар процесс учурунда тартипти камсыздайт. Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Атамбаев сот аткаруучулары тууралуу мыйзамга 8-августта кол койду. Акт үстүбүздөгү жылдын сетрябрь айынын биринчи жарымынан баштап күчүнө кирет.

Президенттин сайтына жарыяланган маалымат боюнча, сот аткаруучулар институтун киргизүүгө сот отурумдун катышуучуларынын «корголбогону» түрткү берди.  

«[…] 2005-жылдын апрель-июнь айларында болуп өткөн жергиликтүү соттордун, Кыргыз Руспубликасынын Жогорку сотунун имаратын басып алуу жана соттордун өздөрүн камакка алуу окуялары, ага кошумча 2010-жылы болгон апрель, июнь окуялары боюнча 2010-2013-жылдары жүргөн сот процесси соттордун, адвокаттардын, процесстин катышуучуларынын соттолгондор тараптан, ошондой эле зыянга учураган тараптан келген үйүлгөн топтун зомбулугунан, бейбаштыгынан корголбогону көрүндү», — деп берилет маалымдама барагында.

Сот аткаруучулар залдагы тартипке жана коопсуздукка жооптуу болушат – алар сотторду, имаратты жана сот отурумдун жүрүшүндө залдын ичиндеги тартипти камсыздашат.

Кыргызстандын жогорку билимдүү жана физикалык даярдыгы мыкты болгон ар бир жараны сот аткаруучусу боло алат. Сот аткаруучунун милдетин аскердик-медициналык комиссиядан өткөндөр аткарат.  

Сот аткаруучу болуш үчүн атайын текшерүүдөн өтүү зарыл. Тандоодо Улуттук коопсуздук, ИИМ органдары жана Саламаттыкты сактоо министрлиги тараптан талапкерлердин жакындары да текшерүүгө алынат.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Үсөнов Kloop.kgге берген маалыматында, мыйзам кабыл алынгандан бир ай өткөндөн кийин иштей баштайт деп билдирди.

«Эгер мыйзам кабыл алынса, демек, каржылоонун жолдору жана кызматкерлерди кабыл алуу таптиби эске алынган. Анда бир айдан кийин Сот департаменти бул багытта иш алып бара баштайт», — деди ал.

Сот департаментинин кызматкери Нураим Даниярова Kloop.kgге курган маегинде, аткаруучулар сентябрга карата сот отурумдарына катыша баштайт деп айтты.    

«Учурда иш башталды, нормативдик-укуктук актылар түзүлүп жатат. Биздин жетекчибиз Жылдызбек Кудаяров токтомдун үстүндө иш жүргүзүп, сот аткаруучуларына тийиштүүнүн баарын эсептеп жатат. Бирок акча каражаты бөлүнө элек. Ошондуктан, сот аткаруучуларынын процесске качан катыша баштарын биз так айта албайбыз. […] Ага карабастан, сентябрга карата сот аткаруучулары өз ишин баштайт», — деди ал.

Адвокаттар: мыйзам керек, анын ишке ашырылышы күмөндүү

Юрист Динара Муканбаеванын ою боюнча, сот аткаруучулары жөнүндөгү мыйзам керек, бирок ал мыйзамдын аткарылышы күмөн туудурат.  

«Иш жүзүндө көрүп жатабыз, сот аткаруучулары керек, болгондо да шашылыш түрдө киргизүү зарыл. Анткени, бардык жүк соттордун өзүнө жана конвой кызматкерлерине жүктөлгөн. Өзүбүз билгендей алар ансыз да көп нерсеге жооптуу. Ошол эле учурда, сот аткаруучу кызматын көздөгөн талапкерлерге коюлган талап көп суроолорду жаратат: алар кандай тандоодон өтөт, алардын даярдыгы, компетенттүүлүгү, саны, штат, аймактыгы, жабдуулануусу жана башкалар. Мыйзамдарды кабыл алабыз, ал эми иш жүзүнө ашыруу кыйынчылык жаратат»,— деди ал Kloop.kgге курган маегинде.

Адвокат Аида Тойбекова мыйзам «аз күндө» күчүнө кирбейт деп эсептейт.

«Азыр сот аткаруучулардын штатына жана аларды даярдоого акча каражаты бөлүнөөрү, же бөлүнбөшү белгисиз. Андан дагы, сот аткаруучулардын штатына кызматкерлерди кабыл алуу качан башталары да тактала элек. Андыктан, аткаруучулар кантип жана качан өз ишин башташарын убакыт көргөзөт», — деди ал.

Адвокат Рамилия Измайлова соттор жана сот процессине катышкандар кошумча коргоого муктаж эмес деп эсептейт. Анын айтканына караганда, сот аткаруучулардын сот процессине катышуусу адамдарга күч түзүмдөрү тарабынан басымды күчөтөт.  

«Өзүмдүн тажрыйбама негизделип соттук аткаруучулар тарабынан мыйзамсыз жеке менчиги тартып алынып, көчүрүлгөн адам тагдырларын мисал келтире алам. Эми аларга сот аткаруучулары да кошулат.[…] Сотторго жана сот процессинин катышуучуларына эч кандай кооптуу жагдай жаралбайт. Анткени, сот процессиндеги кыймыл-аракеттердин бардыгы милициянын милдеттүү түрдө катышуусу менен өтөт. Албетте процесстин масштабына жараша алардын саны эске алынат», — деди ал.