Казакстан Кыргызстан үчүн Интернеттин баасын жогорулатты — кардарларга таасири тийеби?

Казакстандын провайдерлери кыргызстандык Операторлор ассоциациясына Интернетке болгон баанын 2-3 эсе жогорулашы тууралуу эскертти. Кыргыз интернет колдонуучулары бул жагдай алардын чөнтөгүнө доо кетирет деп кооптонушууда. Анткени интернет-трафиктин 90 пайызы Казакстан аркылуу келет.  

Кыргызстандын Байланыш операторлор ассоциациясынын жетекчиси Нурбек Абасканов Kloop.kgге курган маегинде, ассоциация кыргыз провайдерлери үчүн казак тараптын бааны жогорулатуу боюнча билдирүүсүн иликтеп жатат, Кыргызстандын аймагындагы интернет-трафиктин көпчүлүк бөлүгү Казакстан аркылуу келет деди.

Баанын жогорулашы жөнүндөгү билдирүү ассоциациянын дарегине үстүбүздөгү жылдын август айынын башында келген.

Абасканов Кыргызстандын кардарлары үчүн баанын кымбатташы ишке ашарын айта алган жок - ал эгер, төлөм жогоруласа дагы «арзыбаган» сумманы түзөрүн белгиледи.  

«Учурда чыгымдардын тарифтерге таасир этишин болтурбоо үчүн бааларды солгундатуу аракетин ишке ашыруунун жолдору каралып жатат […] Бул жерде маселе майда провайдерлердин өз ишин улантышында болууда. Провайдерлердин бир бөлүгү калк үчүн тарифти жогорулатуу маселесин карап жатат, бирок күчтүү конкуренцияны эске алганда, кардиналдык өзгөрүүлөр болуп кетет дегенден алысмын», — деди ал.

Депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, кыргыз провайдерлерине болгон баанын жогорулашы колдонуучулардын чыгымдарына кыйла таасир тийгизет. Анткени операторлор абоненттер үчүн төлөмдү кымбаттатышы мүмкүн.  

«Биздин кошуналар (Казакстан) мезгил-мезгили менен бизге «муздак душ» уюштуруп жатат. Бирде товарды өткөрүшпөйт, бирде минтип биздин провайдерлер үчүн интернеттин баасын жогорулатышат. Интернет трафиктин кызматтык төлөмүнүн кымбатташы албетте биздин жарандардын чөнтөгүн жукартат, провайдерлер өздөрү соккуга учурайт, ага кошумча республикалык бюджетке да таасирин тийгизет», — деп жазган ал «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Кыргызстандагы ири провайдер «Кыргызтелекомдун» коммерциялык жетекчиси Кылыч Куталиев Kloop.kgге берген маалыматында, алардын компаниясында интернетке болгон бааны жогорулатуу планда жок экенин айткан.

«“Кыргызтелеком” жакынкы аралыкта өзүнүн кардарлары үчүн интернеттин баасын жогорулатууну пландабайт. Эгерде, кымбаттоо ишке аша турган болсо, анда анын өлчөмү канча болорун азырынча айта албайбыз», — деди ал.

Башка провайдерлер — «Мегалайн», «Хоумлайн», «Акнет» — баанын болжолдуу кымбатташына байланыштуу пикир билдирүүдөн баш тартышып, расмий кайрылууну суранышты.

«Баа боюнча көмүскө макулдашуу»

Учурда Кыргызстандын аймагындагы интернеттин баасы үй абоненттери үчүн айына 600-3000 сомду түзөт. Кокустан ал баа 2-3 эсеге кымбаттаса, интернет үчүн төлөм 1200-6000 сомго жогорулайт.

Студент Максим интернет үчүн төлөмдүн баасы жогоруласа, ал Кыргызстандын алыскы аймактардагы жашоочуларына өз таасирин тийгизет деп эсептейт.

«Эгер интернетке болгон баалар кымбаттаса, колдонуучулардын көлөмү кескин төмөндөйт. Биз Бишкекте туруп, жогорку ылдамдыктагы интернет менен колдонууга мүмкүнчүлүгүбүз бар болсо, башка облустардын, алыскы аймактардын колонуучулары эмне кылышы керек? Алар интернеттин ылдамдыгын төмөндөтүш керек, же болбосо колдонуудан такыр эле баш тартышат. Мен азыр секундасына 10 Мбит ылдамдык үчүн 800 сом төлөйм, эгер төлөм жогоруласа, кымбат болбош үчүн тарифти өзгөртүүгө туура келет», — деп оюн билдирди ал.

Бишкектин тургуну Дмитрийдин айтуусунда, эгер интернет тармагынын кызмат баасы жогоруласа, ага уюлдук интернетке өтүүдөн башка айла жок.  

«Мен үч баланын курсагын тойгузушум керек. Үй-бүлөдө мен жалгыз иштейм, жубайым азырынча беш айлык балабызды кароодо. Менин айлыгымды эске алсак, биздин үй-бүлө андан баш тартат. Анда, уюлдук интернет менен жашап калабыз», — деди ал.

Студент Эрландын ою боюнча, тарифтерди кымбаттатуу — Кыргызстан үчүн акталбаган чара, анткени тейлөөнүн сапаты «мыкты болууну каалайт».

«Менин интернетимдин ылдамдыгы — секундасына 1 Мбит. Ага мен 622 сом төлөйм. Эгерде интернет 2-3 эсеге кымбаттай турган болсо, анда мага уюлдук интернетке өтүүгө туура келет. Алар азыр деле интернет менен түзүк камсыздай алышпайт, тармакта үзүлүүлөр көп болот», — деди Эрлан.

Интернет колдонуучу Никитанын ою боюнча, казак провайдерлери тармактын кыргыз сегментинен пайда көрүүнү максат кылышууда.

«Менин оюмча мунун бары баа боюнча көмүскө макулдашуу. Алар Кыргызстандын эсебинен чөнтөгүн калыңдатууну көздөшөт. Эми айла жок, төлөгөнгө туура келет, анткени менин ишим интернет менен тыгыз байланышкан», — деп белгиледи ал.

Автор: Марат Абдыкалыков