Кыргызстан Рио-2016да: Андреева марафондо жеңиш марасына 59чу болуп келди

Кыргызстандык спортчу Юлия Андреева 42 километр классикалык жарышын 59чу болуп аяктады. Марафонго жалпысынан 156 спортчу катышкан, алардын ичинен үчөө кыргызстандык.

Кыргызстандык Юлия Андреева марафон жарышында 59-орунду камсыздады.

42 километр 195 метр аралыктагы бул жарышка 156 спортчу катышкан, анын ичинде үч кыргызстандык да бар. Алар:Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана Виктория Полюдина.

Риодогу оюн үчүнчүсү болуп эсептелген Андреева, 2 саат 40 мүнөт 34 секунд жыйынтыгын көрсөтө алды.

Жарыштын башында шашылбаган спортчу 108-орунда келе жаткан. Акырындап ылдамдыгын көбөйтүп, 90-болууга жетишкен. Андан кийин дагы ылдамданып, жеңиш марасында 59-орунду камсыздай алды.

Виктория Полюдина 2 саат 41 мүнөт 37 секунд көрсөткүчү менен 62чи болуп келди. Ал эми Мария Коробицкая, жыйынтык рейтингинде 94 орунду ээлеп, 2 саат 47 мүнөт 53 секунд убактысын орнотту.

Алтын байгени кениялык спортчу Джемина Сумсон багындырып, анын убактысы — 2 саат 24 мүнөт 4 секундду түздү. Жеңүүчүдөн 9 секундга артта калган бахрейндик Юнис Кирва 2-орунду камсыздаса, 3-орун 2 саат 24 мүнөт 30 секунд убактысын көрсөткөн эфиопиялык Маре Дибабага ыйгарылды.

GzrWlZF2