Нью-Йорк: Кеннеди аба майданында атышуу болгонун полиция ырастаган жок

Полиция Нью-Йорктун Кеннеди аба майданында атышуу болду делген кабарды ырастаган жок. Атышуу болду делген кабардан улам аба майданында эки терминал эвакуацияланып, көптөгөн каттамдар кармалган болчу.

Associated Press агенттиги билдиргендей, полиция аба майданынан курал-жарактарды да, окторду да, ок атышуунун башка белгилерин да табышкан жок.

Эл аралык Джон Фитцжеральд Кеннеди (JFK) аба майданынын сегизинчи терминалынан угулду делген ок атышуу туурасында кабарды полиция жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат тогуз жарымда (Бишкек убакыты боюнча эртең мененки жети жарымда) алган. Сегизинчи терминал эвакуацияланып, полиция аны тинте баштаган.

Кийин полиция кызматкерлерине кимдир бирөө ок атышууну биринчи терминалдан укканын айткан — полиция ал терминалды да жапкан.

Адистер аба бекетин карап чыгып, учурда ок атышуу болгонун далилдеген белгилерди таппаганы кабарланууда.

Аба майданы иликтөө жүрүп жатканда эки саат бою каттамдар кабыл алынган эмес. Күбөлөрдүн билдирүүсүндө, көптөгөн учуп кетүүчү каттамдар да кармалып калган.

Автор: Алтынай Козубекова