Рио-2016: Күрөшчү Эралиев коло байгеге болгон беттешүүдө жеңилип калды

Кыргызстандык күрөшчү Арсен Эралиев өзбекстандык Эльмурат Тасмурадовго жеңилүү менен олимпиада медалын багындыра алган жок. Спорттун грек-рим түрү бонча күрөшчү Эралиев 59 килограммга чейинки салмактык категориясы боюнча коло байге үчүн болгон күрөштө эки жолу алдыңкы көрсөткүчкө жеткен. Мелдештин жүршүндө 0:5 эсеби менен каршылашына жеңишке жол берүү менен кыргызстандык экинчи раунддун башында эки ийгиликтүү аракет жасаган. Анын натыйжасында 6 упайга ээ болгон. Мелдештин аякташына 2 мүнөт калганда Эралиев коргонуу ыкмасына өтүп, упайын сактап калуу аракетин көргөн. Бирок Тасмурадов кыргыз күрөшчүсүн өзүнүн үстүнөн көтөрө чаап, күчтүүрөөк экенин тастыктады. Муну менен ал 8:6 эсеби менен алдыга озунду. 91f8825b96be6300c6af372f19477c5e Көп өтпөй Эралиев ийгиликтүү ыкма колдонуу менен эсепти теңдештирди. Бирок ал өзбекстандык каршылашын көтөрө чабам деп өзү чалкасынан жыгылып чоң ката кетирди. Бул Тасмурадовдун кайрадан алдыга чыгуусуна шарт түзгөн. Беттешүүнүн аяктарына жарым мүнөт калганда Тасмурадов жеңишин бекемдеди. Спортчу дагы бир ийгиликтүү аракет жасап, беш упайга алдыга чыккан. 13:8 эсеби менен жеңишке ээ болгон Ташкент облусунун атуулу Риодогу Олимпиадада Өзбекстан үчүн үчүнчү байгени алды. c7d824466c49aa353dc16fb9df4e2784 Эралиев үчүн бул экинчи олимпиада. 2012-жылы Лондондо ал 55 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, мындан эрте тепкичинде эле мелдештен түшкөн. 20160815_011117-e1471207617286 Алтын жана күмүш байгелерин багындыруу мүмкүнчүлүгүнөн күрөшчү финалдын сегизинчи бөлүгүндө кубалык Исмаэль Боррерого жеңилүүсүнө байланыштуу ажыраган. Антсе дагы, жубатуучу мелдештин биринчи раундунда спортчу кытайлык Ван Луминди 4:2 эсеби менен жеңилүүгө дуушар кылган. Ошондон кийин коло байге үчүн ал Тасмурадов менен күрөшкөн. Эралиев – Рио-2016да мелдешке чыккан алгачкы кыргызстандык күрөшчү. 15-августта Бишкек убактысы боюнча кечинде эки грек-рим күрөшчүсү өзүнүн каршылаштары менен беттешет. Алар: Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов Сүрөт «АКИпресс» сайтынан алынды.