Рио-2016дагы сегизинчи күн: Фелпстин акыркы сүзүшү жана штангачынын позитивдүү жеңилиши

Сүзүүчү Майкл Фелпс өзүнүн карьерасын эстафетадагы олимпиада алтыны менен жыйынтыктады, футбол мелдешинин чейрек финалында жаакташуу болду, а Усэйн Болт алгачкы жарышында жеңишке жетти. Kloop.kg Риодогу Олимпиада оюндарынын сегизинчи күнүндөгү кызыктуу окуяларды сунуштайт.

Жалпы медалдык эсеп өзгөрүүсүз. АКШ лидерликти эч кимге бербей келет, экинчи орунда — Кытай, үчүнчүнү — Улуу Британия ээледи.

20160815_025830

Майкл Фелпс өзүнүн акыркы жарышында алтынды багындырып, карьерасын жыйынтыктады

13932956_10154317458440120_7242586186823063812_n (1)

Тарыхта эң жогорку наамга татыган америкалык сүзүүчү Майкл Фелпс 4х100 эстафетасындагы жарышында алтын байгени багындыруу менен өзүнүн карьерасын жыйынтыктады. Спортчунун байге куржунунда жалпы 28 медаль бар: 23 алтын, 3 күмүш жана 2 коло. Риодогу Олимпиадада Фелпс 6 байгеге татыктуу болду: 5 алтын, 1 күмүш.

Олимпиада жеңүүчүсүнүн атасын камакка алышты

Рио полициясы стадиондон 20 километр аралыкта жөө жүрүш мелдеши боюнча Олимпиада жеңүүчүсүнүн атасын камакка алды.

Athletics Rio 2016 Olympics RIO DE JANEIRO, RJ - 12.08.2016: ATHLETICS RIO 2016 OLYMPICS - Dane Bird-Smith (AUS) celebrates the bronze in the 20 km Race Walking in Athletics Olympics 2016 held in Pontal. (Photo: Fernanda Paradizo/Fotoarena) x1181201x PUBLICATIONxNOTxINxBRAxCHN FernandaxParadizo Athletics Rio 2016 Olympics Rio de Janeiro RJ 12 08 2016 Athletics Rio 2016 Olympics Dane Bird Smith out Celebrates The Bronze in The 20 km Race Walking in Athletics Olympics 2016 Hero in Pontal Photo Fernanda PARADIZO Fotoarena  PUBLICATIONxNOTxINxBRAxCHN FernandaxParadizo

Австралиялык Дейн Берд-Смит өмүрүндө алгачкы жолу олимп тактасына көтөрүлө алды. Анын атасы кубанычы койнуна батпай, тосмодон секирип өтүп, жарыш жолуна чыгууга аракет жасаган. Аны көргөн Бразилия тартип сакчылары анын аракетин токтотуп, сөз менен жаакташуудан кийин полиция мекемесине жеткиришкен. Ал жактан тартип бузган адамдын спортчунун машыктыруучусу экени жана ал олимпиадалык каттамда катталганы белгилүү болду. Узакка созулбаган иликтөөдөн кийин бактылуу ата бошотулган.    

Болттун Риодогу алгачкы жарыш жолу

Олимпиада чемпиону, спринтер Усэйн Болт 100 метр аралыктагы жарыштын чейрек финалында утушка ээ болду.

V1tGmxpo

Ямайка спортчусу Жоао Авеланжа Олимпиада стадионунда аншлаг жаратты. Ал 10.07 секунд көрсөткүчү менен чейрек финалдын жеңүүчү аталды.

Америкалык спортчу кезектеги алтынчы Олимпиадасында байгелерди багындырууда

37 жаштагы америклык Ким Роуд катары менен алты Олимпиадада байгеге ээ болгон алгачкы аял заты.

rue5228f12913

Кечээ ок атуу боюнча кытайлык каршылашы менен болгон мелдеште Роуд коло байгени багындырды. Риого чейин анын байге куржунунда үч алтын (Атланта-1996, Афина-2004 жана Лондон-2012), Пекин-2008ден уткан күмүш жана Сидней-2000де алган коло медалы бар.

Алгачкы байгесин Роуд 17 жашында өз жериндеги Атланта оюндарында багындырган. Учурда дагы ок атуу мелдешинин тарыхында ал эң жаш олимпиадалык чемпион болуп эсептелет.

Лондондогу оюнда Роуд боюнда бар экенин билбей катышкан. Мелдештен кийин спортчуга көз жаруу алдында төрт ай ооруканада жатууга туура келген. Убакыттын бул аралыгында ал төшөктөн турбай калган.

Оор төрөттөн кийин Роуд узак мөөнөттө кыйынчылык менен калыбына келген. Дарыгерлер анын 5 фунттан оор жүк көтөрүүсүнө тыюу салган, а жаңы төрөлгөн ымыркайы менен мелдеш мылтыгы андан жогору салмакта. Бир жылдан кийин гана ал өз калыбына келип, машыгуусун уланткан.  

Күндүн сүрөтү: Голландиялык спортчуга велотрек жетишсиз болду…

Bez-nazvaniya

…ошондуктан ал тосмо менен жүрүүнү чечти.  

Күндүн видеосу: Футбол мелдешинин чейрек финалындагы мушташ

Футбол боюнча олимпиадалык мелдештин чейрек финалында Бразилия менен Колумбия өкүлдөрүнүн ортосунда жаакташуу чыкты. Жыйынтыгында бразилиялыктар 2:0 эсеби менен жарым финалга жолдомо алды.

Күндүн гифкасы: Жеңилгенди билген спортчу

Тийиштүү салмакты багындыра албаган кирибатилик оор атлетчинин реакциясы күйөрмандары үчүн күтүүсүз болду: