Билим берүү министрлиги: Быйыл мектеп формасы милдеттүү эмес

Билим берүү министри мектеп формасы өзгөрүүсүз калат деп билдирди. Мектеп формасы тууралуу маселени мектеп өзү көзөмөлдүк кеңеш, ата-энелер комитети менен биргеликте чечет.

Билим берүү министри Эльвира Сариева «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде, мектеп формасы маселесин жөнгө сала турган жаңы өзгөрүүлөр киргизилген жок деп билдирген.

«Муну менен форманын түрү, өңү стандартка киргизилип, мектептер көзөмөлдүк кеңеш менен ата-энелер комитети менен биргеликте өздөрүнө ылайыктуу форманы тандап алышты», — деди Сариева.

Билим берүү министрлиги өлкөнүн бардык окуучуларына бирдей форма кийгизүү аракетин 2015-жылдан бери жасап келет — анда, форма окуучулар арасындагы «социалдык теңсиздикти жоюу» үчүн зарыл деп түшүндүрүлгөн.

Бирок кыйла сын айтуулардан кийин мекеме мектеп формасынан баш тарткан окуучуларга чара колдонулбашын билдирип чыккан. Кийичерээк бирдиктүү мектеп формасын киргизүү идеясы жокко чыгарылган.

Өзүнө кызыл пиджак, ак көйнөк, боз юбка менен шымды камтыган мектеп формасынын комплекти СМС-тандоо аркылуу, мурдагы билим берүү министри Канат Садыковдун тушунда тандалган.

Баасына байланыштуу бирдиктүү мектеп формасынын киргизилиши коомчулукта нааразылыкты пайда кылган — айрымдар комплекттин өтө кымбат экенин айтышкан.

«Бул долбоор ишке ашпай калат деген үмүттөмүн. Мен келечектеги 1-класстын окууучусунун апасымын. Бул формага толугу менен каршымын. Мен балама мектеп үчүн кандай кийим сатып аларымды жана анын баасы канча болорун болжолдуу эсептеп койдум. Мектеп формасына кошумча дене тарбия дагы бар да. Демек, ал сабактын учурунда 1-класстын окуучусу формасын алмаштырып, андан кийин кайра беш мүнөт аралыгында кийим которуп кийип, көйнөгүнүн, жилетинин топчусун топчулап, ага кошумча галстугун чапташ керек», — деп жазган «Дизель» интернет-форумунун колдонуучусу Modesta.

Айрым мектептердин жетекчилиги мектеп формасын ата-энелердин макулдугу менен киргизерин айтышкан.

«Бизде эркин форма, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизбейбиз. Үстү ак, асты кара болсо болгону. Бардыгы формага жана ата-энелерге жараша болот. Биз ата-энелерди чогулушка чакырабыз, андан кийин маселе чечилет», — деп айткан Бишкектин №42-мектебинин директору.