Кыргызстан Рио-2016да: Күрөшчүлөр Рамонов менен Кенжеев квалификацияда жеңилишти

Грек-рим боюнча кыргыз күрөшчүлөрү Мурат Рамонов менен Жанарбек Кенжеев Рио-де-Жанейродогу Олимпидада өздөрүнүн салмак категориясы боюнча мелдеште ийгилик жарата алышкан жок.

130 килограммга чейинки салмакта Рамонов, өзүнүн квалификациялык раунддагы алгачкы мелдешинде орусиялык спортчу Сергей Семеновдон 1:3 эсебинде жеңилди.

Ramonov_rio_2016

Алгачкы үч мүнөттө кыргызстандык каршылашына үстөмдүк жасап, алдыга озунган. Бирок андан кийин орус спортчусу алдыга чыгып, Рамоновду жеңди. Муну менен ал финалдын сегизинчи бөлүгүнө чыкты. Ал жактан Семенов өзбекстандык Муминжон Абдуллаев менен беттешет.

Жанарбек Кенжеев — учурдагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону. Ал 85 килограмм салмактагы мелдештин квалификациялык раундунда немис Денис Кудледен жеңилди. Күрөштүн жүрүшүндө кыргызстандык каршылашына үстөмдүк кыла албай, жалпы эсеп 3:0 менен уттурду.

Кенжеев үчүн Рио Олимпиадасы Афина оюндарынан кийин — экинчиси.

Буга чейин спортчуну мельдоний колдонгону үчүн Олимпиадага катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу аракети көрүлгөн. Бирок Спорттун Олимпиада оюндары боюнча кыргыз дирекциясы Кенжеевдин оюнга катышуу таламын талашып, спортчунун пайдасына чечим чыгарылган.

Олимп тактасы үчүн 16-августта 66 килограмм салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык Руслан Царев күч сынашат.