Кыргызстан Рио-2016да: Күрөшчү Царев мекенине байгесиз кайтат

Кыргызстандык күрөшчү Руслан Царев 66 килограмм салмак категориясында грек-рим күрөшү боюнча финалдын сегизинчи бөлүгүндө жеңилип, байге алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Бул таймашта Царевдин каршылашы 2014-жылдын Африка чемпиону, алжирдик Тарек Азиз Бенайсса болгон. Оюндун башынан эле Бенайсса кыргызстандык спортчуга үстөмдүк кылып, 6:0 эсеби менен жеңишке жетти.

Эгер Бенайсса мелдештин финалына чыкса, Царев коло байгени багындырууга мүмкүнчүлүк алмак.

Бирок чейрек финалда алжирдик спортчу азербайжандык Расул Чунаевден жеңилди. Чунаев 71 килорамм салмак категориясындагы учурдагы дүйнө чемпиону. Бул жыйынтык кыргыз спортчусун коло байге үчүн жубатуучу мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

2014-жылы 19 жашында Царев Азия чемпиондугунун алтын байгесин багындырган. Андан кийинки жылдары ал мыктылардын үчилтигин толуктап келген.

Эртең — 17-августта, Риодо күрөштүн аялдар ортосундагы мелдеши башталат. Байге үчүн орунга Азиянын учурдагы чемпиону, кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова күч сынашат.