«Өнүгүү-Прогресстин» депутаттары балдарды зордуктагандар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунушташты

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы балдарды зордуктагандар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Мыйзам коомдук талкууга коюлду.

Зордукчуларды өлүм жазасына тартуу жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин сайтына 16-августта жарыяланды. Анын демилгечилери — «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары.   

Фракциянын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев өзүнүн «Фэйсбуктагы» барагында «педофилдерге карата жаза колдонуу чараларын өлүм жазасына чейин мыйзамдуу түрдө күчтөндүрүш керек» деп жазган.

«Эгер депутаттар бизди колдосо, анда мындай норма Баш мыйзамга да киргизилет», — деп жазган эл өкүлү.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Баш мыйзамдын 21-беренесине толуктоо киргизилет.

Укук коргоочу Рита Карасартова сот системасынын, иликтөө органдарынын жана экспертизанын азыркы абалында «өлүм жазасын киргизүүгө болбойт» деп эсептейт.

Анын айтуусу боюнча, зордукчуларга карата өлүм жазасын жашы жете элек балдарга карата кылмыш жасаган деген күнөө менен саясий аппоненттерге каршы колдонуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

«Бүгүн бул мыйзамды сунуштагандар эртең саясий куугунтукка кабылып калышы мүмкүн. Аларга каршы бир-эки жасалма абалды уюштуруп, зордукчу атап, андан кутулат», — деди Карасартова.

Балдарды зордуктагандарга каршы өлүм жазасын киргизүү ушул жылы «Калыс» активисттер кыймылы тарабынан сунушталган, алар бул демилге үчүн кол чогултууну башташкан.

Кыймылдын мүчөлөрү өлүм жазасын колдогондордун 11 миң кол тамгасын чогултуп, парламентке өткөрүп беришкен.

«11 миң колдоо колун парламентке өткөрүп берүү менен биз токтоп калган жокпуз. Анткени педофилия өтө курч маселе. Позициябызды бекемдеп, парламенттен талап кылууну көздөп биз кол чогултууну уланттык», — деди кыймылдын жетекчиси Жеңиш Молдокматов.

Кыргызстан өлүм жазасын 2007-жылы жокко чыгарган, ага карата мораторий 1998-жылдан баштап күчүнө кирген.