Риодогу тогузунчу күн: Болт — жети жолку чемпион, анын негизги атаандашын көрүүчүлөр ышкырык менен коштошту

Усэйн Болт жарыш учурунда камерага жылмайды, австралиялык бадминтончу утулганынан кийин көңүл ачууну чечти, күндүн эң назик видеосу. Kloop.kg Риодогу Олимпиада оюндарынын тогузунчу күнү боюнча кызыктуу окуяларды чогултту.

Медалдык эсеп боюнча алдыңкылыкты Америка Кошмо Штаттары ээлеп келет. Ал эми экинчи орунда өзгөрүүлөр жүз берди — Улуу Британия Кытайдын ордун ээлеп, АКШдан кийинки тизмеден орун алды.

20160815_212913

Усэйн Болт жети жолку олимпиада чемпиону аталды. Ямайкалык спринтер 100 метр аралыктагы финалдык жарышта жеңишке ээ болуп, күйөрмандарын кубантты. Болт 100 метрди 9 мүнөт 81 секунд көрсөткүчү менен жыйынтыктады. Ал эми анын жакынкы атаандашы Джастин Гэтлин 9 мүнөт 89 секунд убактысын көрсөттү. Үчүнчү болуп марага канадалык Андре де Грассе келди. Бул аралыктагы дүйнөлүк рекорд козголгон жок. 2009-жылы Усэйн Болт 100 метрди 9.58 секунд аралыгында чуркап өткөн.

HqRX5mwk

Буга чейинки Пекин жана Лондон Олимпиадасында Болт ар биринде үчтөн алтын байгеге ээ болгон.

Гэтлинди күйөрмандары ышкырык-дуу менен коштошту. Күйөмандары эки жолу допинг менен кармалган америкалык спринтер Джастин Гэтлинди Риодогу жарым финалдын жана 100 метр аралыктагы финалдын алдында ышкырык-дуу менен коштошту. Гэтлин финалдык жарышта Болттон кийин келип, 2-орунду камсыздады.

4313430

«Мен барын түшүнөм. Стадиондо Болттун күйөрмандары, аямайкалык күйөрмандар көп болгон. Ал адамдар мени билишпейт. Бирок атаандаштарым мени сыйлашат», — деп берет Гэтлиндин сөзүн USA TODAY.

Австралиялык бадминтончу өзүнүн утулушун McDonald’sка тапшырык берүү менен белгиледи

70a91a37f3e5e6

Саван Серасингхтен жуп разрядында жеңилген. Ошондуктан көңүл ачууну чечкен. Сүрөттө канча калорий бар экенин ким эсептей алат?

Олимпиада тактасындагы сезим билдирүү

Лондон жана Пекин оюндарынын эки жолку чемпиону Цинь Кай (Риодогу сууга синхрондук секирүү мелдеши боюнча коло байгенин ээси) бразилиялык Олимпиаданын күмүш байгесин багындырган Хэ Цзыга, ал олимп тактасында турганда сезимин билдирди.

Аягында: Күндүн сүрөтү

Усэйн Болттун бут кийиминин көрүнүшү кандай:

Bez-nazvaniya-1