Боом капчыгайындагы таштарды түшүрүү: Авто жол 15 мүнөт сайын ачылып турат

Транспорт министрлиги Боом капчыгайындагы таштарды атайын түшүрүүсүн баштады. Буга байланыштуу, жол 9:00дөн 15:00гө чейин жабылат. Бийлик өкүлдөрү чоң тыгындын жаралбашын убадалады.

Боом капчыгайынан өткөн авто жол 9:00дөн 15:00гө чейин таштарды атайын түшүрүү иштерине байланыштуу жабылат. Аталган трасса Чүй облусу менен Ысык-Көл ойдуңун бириктирет.

Таштарды атайын түшүрүү учурунда кыймыл токтотулат. Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, бул иштер 25-августка чейин жүргүзүлөт.

Коопсуздук үчүн жол кызматкерлери таштарды түшүрүү жана тазалоо учурунда жол кыймылын 10-15 мүнөткө токтотот. 20-30 унаадан турган тыгын пайда болсо, бир тилкелик жол ачылып турат.

«Өтө көп таштарды түшүрүүнү пландабайбыз, анткени жардыруу болбойт. Иш альпинисттер менен аткарылууда. Алар территорияны карап чыгып, кайсы жер кооптуу болсо, ошол жердеги таштарды түшүрүп жатышат», — деп билдирди мекеме.

Таштарды түшүрүүнү «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын адистери ишке ашырууда.

«Биздин жумуш жолду тазалоо. Учурда белгиленген жерде коопсуздуктун сакталышы үчүн Т-32 командасы күнү-түн кезекте турат», — дешти министрликтен.

«Бишкек — Нарын — Торугарт» авто жолунун башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сыргаболот Кожобергенов альпинисттердин биригадасы таштарды колу менен түшүрүп жатышканын Kloop.kgге билдирди.

«Бүгүн эртең менен саат 9дан баштап биз таштарды атайын түшүрүү ишин баштадык. Иштин жүрүшүн автоунааларды өткөрүү үчүн утуру токтотуп жатабыз», — деди ал.

Буга чейин белгилүү болгондой доолбор боюнча ишти ЖЧК«Верхолаз» жүргүзмөк, бирок башкармалыктын орун басары Кожобергеновдун айтканы боюнча, компания менен убакыт ченеми тууралуу маселе сүйлөшүлгөн эмес.

Өндүрүш альпинизми менен алактенген «Вершина» компаниясынын генералдык жетекчиси Виталий Романенко таштарды түшүрүүнүн бир нече ыкмасы бар экенин айтты.

«Таштарды түшүрүүнүн түрдүү ыкмасы бар: кол менен, өзүнчө белгиленген тилкелерди курчоого алуу варианты, ага кошумча жардыруунун муздак ыкмасы да колдонулат — жардыруу жасабаган атайын материалдар, анда көптүрүү ыкмасы колдонулуп, таш майдаланат», — деди ал.

Ысык-Көлгө бараткан авто жолдогу таштарды түшүрүү 2016-жылдын апрелинен бери күч алган. ӨКМ маалыматы боюнча, ушул жылдын жай мезгилинде беш жолу таш түшүү катталган.

Июль айынын аягында Боом капчыгайында болгон кырсыкта бир адам каза болгон. ӨКМ анда тоодон түшкөн таштар жолдо бараткан унааны басып калганын, анын ичинде 11 адам бар экенин билдирген. Кырсыктан кийин бир жүргүнчү ооруканага жеткирилген.