«Дивандагы генералдар», «куру патриоттор» жана шыктандыруу жөнүндө. «Спикер» долбоорундагы жаштардын монологу

BOOM Studio чыгармачыл студиясы тарабынан «Спикер» теле долбоору уюштурулган. Анда эркин темадагы монолог уюштуруу үчүн катышуучуларга бир мүнөт убакыт берилген.

«Спикер» долбоорунун катышуучулары эркин темада уюшулган монологдун сапаты жана тактыгы боюнча өз ара атаандашышат. Башкы байге — 15 миң сом жана Боорсок TV каналында жеке берүүсүн ачуу мүмкүнчүлүгү.

Монологдун темалары ар түрдүү: иттерди атып өлтүрүүдөн үй-бүлө курууга чейин. Катышуучулардын эң кызыктуу монологдору Kloop.kgнин тандоосунда.

Канат, бир мүнөттүн маанилүүлүгү тууралуу:

— Биз силер менен убакытка маани бербейбиз. Бир мүнөт миллион, миллиард окуяларды өзүнө камтышы мүмкүн. Бул убакытта жарык дүйнөгө 250 жаңы жашоо келиши ыктымал, бирок, тилекке каршы алардын 115 кедейчиликте, 107 адам өлүмгө тушугат, дагы канча миңи куралдуу кагылуушунун үстүндө жүрөт.

Биз силер менен бир мүнөттө бүтүндөй элдин тагдырын өзгөртө турган чечимдер кабыл алынышы мүмкүн экенин түшүнбөй келебиз. Мүнөт аралыгында шаарларды жок кылуу үчүн бир баскычты басып коюу жетиштүү. Ар мүнөт сайын биз технологиялык өнүгүүгө жакындап, ошол эле мезгилде экологиялык кыйроого бир кадам жакын болуп келебиз.

Бүгүнкү бир мүнөт менин тагдырымды өзгөртүшү мүмкүн. Мага өз долбоорумду ишке ашырууга шарт берет. Бирок анын барынан маанилүүсү, бул мүнөт силерди жашоонун ар бир ирмеми маанилүү жана баалуу экендигин ойлондурууга түрткү берет.

Дастан, шыктандыруу маселеси жөнүндө:

— Сиз ийгиликтүү болгуңуз келеби? Эгер сиз «ооба» десеңиз, бул кубанычтуу, эгер «жок» деген жоопту берсеңиз, бул абдан аянычтуу. Бир кемчилик бар — барыбыз ийгиликтүү болгубуз келет. Бирок эч ким, эч нерсе жасабайт. Эмне үчүн? Логикаңар кайда?

Силер билесиңер, адамдар эки түргө бөлүнөт. Бири жумшартып айтканда көңүлү чөккөн какашкалар, экинчиси, жашагысы келгендер. Сиздин жообуңуз кандай болот эми? Сиз «Албетте, мен ийгиликтүү болгум келет» дедиңиз. Же болбосо, «Шайтан ургурдуку, мен ийгиликтүү болгум келет!» дедиңиз. Көрдүңөрбү айырмачылыгын? Авантюризм каякта экенин? Интрига кайда? Романтика кайда экенин? Сиз кыялданган жашоо каякта экенин?

Сиз бойлуусузбу, кодосузбу, чоңсузбу, арыксызбы — мунун баары маанисиз. Эң негизгиси — сиз өзүңүз өзгөрүшүңүз керек, чөйрөңүздү өзгөртүшүңүз керек. Келгиле аракет жасап, дүйнөнү өзгөртөбүз!

Чынгыз, «куру патриоттуулук» жөнүндө:

— Мен өз Мекенимди сүйөм. Бирок мекендештеримди жактырбайм. Өзгөчө, куру патриоттуулук шылтоосу менен мекенге болгон сүйүүнүн ченөлчөмүн мамлекеттик тилди билүү менен ченегендерди, билбеген жарандарды маңкурт жана улутту уяткаргандар деп атагандарды.

Алардын айткандары абдан таасирдүү болсо дагы, бул алардын өздөрүндө болгон жалгыз жакшы сапатты көргөзүүнүн ийгиликсиз аракети. Анткени, өзүбүз көрүп тургандай, өз тилинде татыктуу сүйлөгөндөн башка алар тараптан баалуу, салабаттуу аракеттер байкалбайт.

Досторум, андайларга көңүл бурбагыла, Кыргызстанды тарыхы айгилинелеп турат, башка улуттун өкүлдөрү же эне тилин билбеген кыргыздар деле коомбузудун өнүгүшүнө көрүнүктүү салымын кошкондор бар. Алар өзүнүн сүйүүсүн маданият, спорт, бизнес аркылуу кылган ишине жана мекенине бүтүндөй өзүн арнап билдирип келишет.

Олег, «диван генералдары» жөнүндө:

— Өткөндө бир гезиттен кыргыз тилдүү журналисттин макаласын окудум. Анда ал биздин коомдогу абал тууралуу, өкмөттөгү абал тууралуу абдан курч сөздөрдү айткан. Ал бийлик өкүлдөрүн курчутулбаган бычак деген эпитет менен атады. Биз ал авторду жакшы билебиз…

Бир жагынан мен аны түшүнөм, колдойм, анын өлкө абалы тууралуу айткандары туура. Эгер чындыгында эле көз чаптырсак биздин мектептер, университеттер, биздин коопсуздук, милиция, медицина тармагы — мунун бары терең, өтө терең орго түшкөндөй. Бул адамдар пара алууга мажбур, биз аларды сындайбыз, а мындай алып карасаң аларды ошол абалга жеткирген күнөөкөр — бийлик өкүлдөрү.

Бирок, эң негизгиси, диван генералы болгон кандай жакшы, олтуруп алып эле: «Сен жаман, тетигинин колунан эч нерсе келбейт, булар ууру» дей бересиң. Мунун баары биздин эмоциялар, чындыгында бары өзүңдөн башталат! Майда-барат нерселерден башта — эрте тур, жумушка болгон мамилеңди өзгөрт, өзүңдүн жакындарыңдан башта, айлана-чөйрөгө мамилени өзгөртүүнү жайылт, ошондо айлана өзгөргөнүн өзүң байкайсың.

Азирет, «элдин балдары» жөнүндө:

— Достор, ата-энеңерди баалагыла, бирок ата-энелер дагы өз кезегинде балдарын башкаларга салыштырбай баалашы керек. Мен #элдин_балдаризм жөнүндө айтып жатап. Элдин балдары —бул сени дайыма «элдин балдары» аталышындагы кандайдыр бир мифтик жандык менен салыштыруу.

Бул боюнча менин жеке оюм, эгер көпөлөк болсоң, анда көпөлөктүн талантын өркүндөт, башкаларга көпөлөк болуп турганыңда мыкты экениңди далилде, өзүңдү пил менен салыштырба. Пил деген — пил, көпөлөк деген — көпөлөк! Сен өз ишиңде мыктысың. «Элдин балдарын» унут, өзүңдүн максатыңа жет — бул ата-энелерге эскертүү.

Кыязы, бул муундун өкүлдөрү окшош окшойт, анткени менин бардык досторум ушундай абалга кабылган. Ошондуктан бул маселени чечиш керек, биздин муун андай болбойт деген үмүттөмүн.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Олег Паньшин Kloop.kgге курган маегинде аталган долбоордун идеясы 2015-жылдан бери ойлонуштурулуп келгенин айтып берди. Анын түбү жапондордун көңүл ачуучу долбоору «Печа-Кучага» барып такалат. Анда катышуучуларга бир мүнөт убакыт бөлүнүп, ал аралыкта спикер кандайдыр бир көйгөйлүү маселе тууралуу айтып бериши шартталган.

«Маңызы абдан жакты: катышуучуга жөн эле сүйлөш үчүн трибунага чыгарбай, а убакыт жагынан катуу чектөө. Биз өзүбүз кошумча чектөөлөрдү киргиздик — алар калыстар тобунун упайы жана залдын тандоосу», — деди ал.

BOOM Studio үчүн бул телевизиондук форматта жасалган алгачкы масштабдуу долбоор. Анын катышуучулары менен көрүүчүлөрдүн суранычтарына карабай, уюштуруучулар долбоордун эмдиги жылы кайталанышын убада кылышкан жок.

Видеонун автору: Айзирек Алмазбекова
Сүрөт: BOOM Studio