Электр энергиясынын баасы быйыл кымбаттабайт

Өкмөт электрэнергиясына, жылуулукка жана ысык сууга болгон баанын тарифин жогорулатпайт деп билдирди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бирок тарифтердин кымбатташы токтотулганына карабай, учурдагы тарифтер энергокомпанияларга өз чыгымдарын жабууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.

Премьер-министрдин айтуусунда, келечекте баа жогорулайт, бирок ал компаниялардын өзүн актоо деңгээлине чыгышы үчүн баскыч-баскыч менен ишке ашырылат.

«Бара-бара тарифтердин баасын энергокомпаниялардын өзүн өзү актап, финансылык туруктуулугун камсыздаган деңгээлге жеткирүү зарыл. Ал үчүн баанын жогорулашын баскыч-баскыч менен ишке ашыра турган тийиштүү тарифтик саясатты иштеп чыгыш керек», — деди Жээнбеков.

Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуучу мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Таалайбек Нурбашев Kloop.kgге курган маегинде, тарифтер 2017-жылдын августуна чейин жогорулабайт дагы, төмөндөбөйт деп билдирди.

«Тийиштүү жабдуулардын эскиргендиги маселе жаратат. Учурда биз оптимизация боюнча аракеттерди көрүп, структуранын ичинде реформаларды жүргүзүп жатабыз. Курч дефициттин айынан биз [Энергетика министрлигин] алып салып, Улуттук энергохолдингди түздүк. Оптимизацияны жүргүзүүнү улантып, штатты кыскартып, жоготууларды азайтуунун аракетиндебиз. Ага карабастан 2017-жылдын 1-августуна чейин тарифтер өзгөрбөйт», — деди ал.

Эл арасында электр, отун энергиясына жана ысык сууга баалардын кымбаттабашы тууралуу түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады Нурбашев.

Буга чейин, 2015-жылы 1-августтан баштап Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуучу мамлекеттик агенттик электрэнергиясына болгон бааны бара-бара жогорулата баштаган.

Жашоочуларга электрэнергиясына болгон баа айына 77 тыйынды түзөт. А эгер айына 700 киловаттык лимиттен ашса, колдонуучу ар бир кошумча киловатт-саатка 2,16 сомдон төлөйт.

Жылуулук берүү үчүн бир гикалорийге 1695,1 сом тарифи коюлган.

Атайын эсептегич орнотулган жашоочулар ысык суунун бир кубометрине 64,38 сом төлөшөт. Ал эми эсептегич шайманы жок колдонуучулар үчүн адам башына 309,03 сомдон айланат.