«Ал бизге үмүт берди». Коомдук тармактарда Тыныбекованы коло медаль алган катары сыйлоо боюнча флешмоб башталды

Коомдук тармактардын колдонуучулары спортчу Айсулуу Тыныбекованы Рио олимпиадасында коло медаль алган катары сыйлансын деп президентке өтүнүч менен кайрылууда. Тыныбекова эркин күрөш боюнча коло байгеге бир кадам калганда аны өз атаандашына алдырып койгон.

Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн эркин күрөш боюнча 58 килограмм салмагында күч сынашып, Индиялык Сакши Маликтен жеңилип 5-орунду алды. 5-орун алгандыгы үчүн мамлекет 1 миллион сом сыйлык берет. А коло медаль үчүн 3,5 миллион сом, батир, унаа жана өмүр бою айына 15 миң сом стипендия берилет.

Журналист Азамат Тынаев өзүнүн «Фейсбук» барагында президент Алмазбек Атамбаевге Айсулуу Тыныбекованы коло медаль жеңген катары сыйлансын деген өтүнүчү менен кайрылды.

«Мейли ал Риодо үчүнчү баскычта токтоп калды, бирок аягына чейин күрөштү. Ал баардыгына үмүт берип, Кыргызстандын намысын кандай коргош экендигин көрсөттү. Ал өзүндө эмне болсо ошонун баарын кыргызстандыктарга берди. Келгиле биз дагы ага колубуздан келишинче жардам берели!» — деп жазган ал.

«Фейсбук» тармагында бир жарым миңден ашуун колдонуучулар Тынаевдин постун бөлүшкөн. Ой-пикир жазгандардын көбү бул идеяны колдоорун айтышкан.   

«Айсулууша акырына чейин күрөштү! Бул күчтүү адам! Бул кыз эркектер менен бирдей баатырдык көрсөткөн жана Кыргызстандын намысын сактаган кыз!!! Бардык кыргызстандыктар жана башкалар дагы биздин кызга колдоо көрсөтүштү!!! Мен дагы колдойм!!!» — деп жазган Айсулуу Ибр.

«Мен бул демилгени колдойм, Айсулуу бизге үмүт берди. Бул биздин элде болгон нерсенин баары. Үмүт менен биргеликте бизде баары болот!» — деп жазган Кайыргуль Урумканова.

Блоггер Кайрат Бекмамбетов «Фэйсбукта» спортчуну колдоо иретинде дагы бир флешмоб жарыялады. Ал «үмүт бергендиги» үчүн Тыныбекованы өзгөчөлөнгөн «элдик сыйлыкка» ылайык көрүүгө чакырды.   

«Достор, Айсулуу Тыныбекова сыяктуу жаш перспективдүү спортсмендерди колдоо үчүн элдик каражатты топтоо иштерин баштайбыз. Бул кыз бизге үмүт берди, ал бизге кантип спорт жагынан Кыргызстанды коргоо керек экенин көрсөттү. Ал бүт өлкөнү бириктирди. Эми биз биригип, Тыныбековага элдик сыйлыкты бүт Кыргызстан элинин атынан беребиз. Кошулгула!» — деди ал.

«Жаман прецедент»

Бирок кээ бири бул демилгеге макул эмес жана спортсмендерди эмгегине жараша сыйлаш керек деп эсептейт.

«Коло медаль албаса дагы коло медаль алгандай сыйлоо — жаман прецедент жана башка спортсмендерге терс үлгү. Башка жол менен, мисалы 5-орунду алган сыяктуу сыйласа болот», — дейт Асель Омуракунова.

«Күрөшкөнү күрөштү, бирок уткан жок да. Кандай натыйжа болсо сый да ошондой болушу керек! А эгерде кимдир бирөө кааласа өз чөнтөгүнөн сыйлай берсин», — деп жазган Нургуль Осмонова.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов «Азаттык» радиосуна курган маегинде, Тыныбекова ката кетирип, коло медалды колдон чыгарып жиберген айткан.

«Тилекке каршы, колдо турган коло байгени алдырып койдук. Менимче, спортчунун өзүнүн күнөөсү. 5:0 эсебинде утуп жатканда туура эмес кыймыл-аракет кылып утулуп берди. Учурда Айсулуунун да, машыктыруучулардын да жана жалпы команданын маанайлары абдан суз. Колубузда турган медалды беттеш бүтөрүнө 9 секунд калганда индиялыктарга берип койбодукпу. Ишенген эки балбаныбыздын медалдарынан кур калдык. Эралиевдин байкеге жетпей калышына калыстын адилетсиздиги себеп болгон эле», — деген ал.

Тыныбекова эркин күрөш боюнча 58 килограммга чейинкилердин арасында биринчи таймашууда бразилиялык Джойс Сильваны жеңген. Чейрек финалда финляндиялык Петр Оллини утуп, бирок жарым финалда Европанын чемпиону россиялык Валерия Кобловадан утулуп калган.