Amnesty: 2011-жылдан бери Сириянын абактарында 18 миңдей адам өлгөн

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюмунун билдирүүсүндө, 2011-жылдан 2015-жылга чейинки аралыкта Сириянын абактарында кыйноодон өлгөн адамдардын саны дээрлик 18 миңди түзгөн.

Amnestyнин докладында кыйноолордун курмандыгы болгон 65 адамдын көрсөтмөсү менен абактагы миңдеген адамдын кыйноолорго кабылган жөнүндө айтылат. Алар түрмөлөрдүн толуп ташып кеткенинен тарта абак бөлмөлөрүндөгү өлүктөргө чейин айтып беришкен.

Мурдагы соттолгондор Amnestyге кыйноолор түрмөгө түшкөн биринчи күндөн башталганын, аларды учтуу силикон жана металл менен токмоктогононун айтышкан. Андан кийин көзөмөл соттолгон аялдарды зордуктоо менен коштолгон.

«Алар бизге жаныбарларга жасагандай мамиле кылышчу. Алар адамдардын мүмкүн болушунча адамгерчиликсиз болушун каалашчу. Мен эч качан адамдар ушунчалык төмөн деңгээлге түшүп калат деп ойлогон эмесмин. Алар эч кандай кыйынчылыксыз бизди ошол жерден өлтүрүп коюшчу», — деп айтты Хам шаарына жакын жерден соттолгон адвокат Самер.

Дагы бир соттолгон Зияд (ред. — аты өзгөртүлдү) борбордук убактылуу кармоочу жайда вентиляциялык система иштебей калгандан кийин бир күндө кантип жети адам өлүп калгандыгын айтып берген.

«Алар биздин кимибиз тирүү, кимибиз өлүк экенибизди билиш үчүн бизди ура башташты», — деп айткан ал Amnestyге.

Amnesty башка эл аралык уюмдарды Сириянын абактарындагы кыйноолорду токтотууга жана абактан жарадар болгондорго колдоо көрсөтүүгө чакырды.

«Он жыл аралыгында Сириянын бийлик өкүлдөрү кыйноону каршылаштарына басым жасоо үчүн колдонушкан», — деп билдирди Amnesty International уюмунун Жакынкы чыгыштагы жана Түндүк Африкадагы директору Филип Лютер.

Докладга ылайык, Сириянын өкмөтү бир нече ирет соттолгондорду кыйноо тууралуу айыптоолорду четке каккан.

Сириядагы куралдуу кагылышуу президент Башар Асаддын тарапташтары болуп эсептелген өкмөттүк аскерлер менен оппозициянын ортосунда 2011-жылдан бери уланып келет.

Чыр-чатак саясатчы Асадага каршы митингден кийин башталып, оппозициячылар аны адамдардын укугун бузган диктатор деп аташкан.

Сириянын президенти болсо каршылаштарын экстремизм жана терроризмге күнөөлөгөн.

Сүрөт: flickr, Sarah Murray