Риодогу 12-күн: Германаниялык машыктыруучу каза болуп, бирок төртөөнү сактап калды

Жол кырсыгынан каза болгон Германиянын машыктыруучусунун органдары төрт адамдын өмүрүн сактап калды, Түндүк Кореянын гимнасты эмне үчүн капалуу жана чемпиондук кайрат деген эмне. Олимп оюдарындагы 12-күндө жүз берген маанилүү окуяларды.

Медалдык эсеп боюнча абал өзгөрүүсүз. АКШ биричиликте, Улуу Британия экинчи катарда, Кытай 3-орунда.

20160817_235103

Каза болгон немец машыктыруучусунун органдары төрт адамдын өмүрүн сактап калды. Кайыкта сүзүү боюнча Германия курама командасынын машыктыруучусу Штефан Хенце Рио-Де-Жанейро шаарындагы авто кырсыктан каза болуп, төрт адамга донор болгон. Бул тууралуу шаршемби күнү 17-августта Бразилиянын саламаттык сактоо министри Роберт Наполиске шилтеме кылып Die Welt басылмасы билдирди.

16093957.561031.7640

Каза болгон адамдын Бразилияга келген үй-бүлөсү орган которууга уруксатын берген. «Жүрөгү, боору жана эки бөйрөгү төрт адамга ийгиликтүү коюлду. Хенце төрт адамдын өмүрүн сактап калды» , — деп билдирди Наполис.

Штефан Хенце 12-август күнү башынан катуу жаракат алган. Ал таксиде бара жатканда авто кырсыкка кабылып, врачтардын жардам бергенине карабастан 16-августта каза болгон.

Түндүк Кореянын гимнасты капалуу турганын интернет колдонуучулар туура түшүнгөн эмес. Түндүк Кореянын гимнасти Ли Се Гван жеңиш тактасында эч кубанычтуу көрүнгөн эмес. Олимпиада оюндарында секиртмек менен секирүү боюнча алтын медалдын ээси сыйлоо аземинде көзүндөгү жашты араң токтотту.
«Мен кубанычка толуп тургам, анткени жол башчыбызга жеңүү сезимин алып келгенимди түшүнүп турдум», — деген Ли өз маегинде.

Bez-nazvaniya-7

Түндүк кореялык олимпиадачылар кызмат адамдарынын катуу көзөмөлүндө турушат. Спортчулардын уюлдук телефондору да алардан алынган. Буга байланыштуу кээ бир маалымат каражаттары Ли кайра мекенине кайтып жаткандыгы үчүн капаланып жатат деп болжолдошкон.

Неймар Олипиада оюндарынын тарыхындагы эң ылдам голду киргизди.
Бразилиялык футболчу 14-секундада Гондурас курамасынын коргоочусунун чоң катасынан пайдаланын эсепти ачкан.

Олимпиада оюндарында 15 миңдей ыктыярчы иштөөдөн баш тартты. Буга чейин Рио-де-Жанейродогу оюндарда жалпы 50 миң ыктыярчы иштесе эми алардын 35 миңи калды.

1027819636

Анын себептеринин бири — саат 8-9 саттык жумуш жана тамак-аштын жоктугу, деп кабарлайт CBC. Уюштуруучулардын айтымында, ыктыярчылардын санынын азаюусу көйгөй жараткан эмес. Анткени мелдештерге келгендердин саны да салыштырмалуу азайган.

Оюндардагы эң ызалаткан жеңилүү. Британиялык спортчунун бийиктиктен секирүү аракети эмне менен аяктады.

«Учуп жаткан голландиялык» жыгылып жатса да программаны аягына чыгарды. Лондондогу олимпиада чемпиону, брустагы көнүгүүлөр боюнча фовориттердин бири болуп эсептелген атактуу голландиялык гимнаст Эпке Зондерланд снаряддан кулап түштү. Бир нече секунда килемде жатып, жеңүүгө эч кандай мүмкүнчүлүгү болбосо дагы кийин туруп программасын аягына чыгарды.

Bez-nazvaniya-8

Күндүн видеосу:
Усэйн Болтту баары сүйөт. Жада калса анын атаандаштары да.