Кыргызстан Рио-2016да: Күрөшчү Лазарев 1/8 финалда жеңилип калды

Кыргыз күрөшчүсү Айаал Лазарев Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 125 килограммга чейинки салмактагылардын арасында эркин күрөшүндө таймашып, ⅛ финалда жеңилип калды.

Лазаревдин ⅛ финалдагы атаандашы болуп Европанын учурдагы чемпиону польшалык Роберт Баран чыкты.

Бирдей кармашта Лазарев алгачкы үч мүнөттө бир упай топтогонго жетишти.

Кыргызстандык спортчу экинчи үч мүнөттүк кармаштын ортосуна чейин артыкчылыкты бербей турду. Кийин польшалык күрөшчү эсепти теңеп, андан соң Лазаревдин катасынан пайдаланып, эсепти өз пайдасына көбөйтүп алды.

Польшалык спортчу жалпы эсепте 5:1 эсеби менен жеңишке жетти.

Эгер Баран финалга чыкса, Лазарев коло медал үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алмак. Бирок польшалык чейрек финалда америкалык Тервел Длагневден утулуп калды.

Эртең 21-августта акыркы олимпиадалык таймаш күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу чыгат: күрөшчү Магомед Мусаев менен жеңил атлетчи Илья Тяпкин.