Кыргызстан Рио-2016да: Күрөшчү Мусаев чейрек финалда жеңилип калды

Кыргыз күрөшчүсү Магомед Мусаев Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 97 килограммга чейинки салмактагылардын арасында эркин күрөшү боюнча таймашып, чейрек финалда жеңилип калды.

Чейрек финалда Мусаев украиналык Валерий Андрейцев менен күч сынашып, 2:5 эсебинде утулуп калды. Андрейцев Лондон олимпиада оюндарындагы күмүш байгенин ээси.

Таймаштын биринчи жарымы кыргыз спортчусунун пайдасына 2:0 менен аяктаган. Экинчи үч мүнөттүктүн ортосунда Андрейцев 3 упай топтоп, алдыга озуп чыкты.

Кийин украин спортчусу тизесинен жаракат алып көпкө чейин килемден тура албай, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Таймашты улантып Андрейцев дагы 2 упай чогултуп, финалга өтүп кетти.

Эгер Андрейцев финалга чыкса, Мусаев коло байге үчүн күч сынашмак. Бирок жарым финалда украин спортчусу азербайжандык Хетаг Газюмовдон жеңилип калды.

⅛ финалда Мусаевдин атаандашы монгол Доржханд Худербулга болгон. Кыргыз спортчусу ишенимдүү түрдө 3:0 эсебинде артыкчылык көрсөтүп, таймашта жеңип алган.

Магомед Мусаев — Азиянын 2012-жылкы чемпиону, ошондой эле аталган престиждүү турнирдин 2016-жылкы күмүш байгесинин ээси.