Риодогу жайкы олимпиадада 155 спортчу жарышкан 42 чакырым 195 метрлик марафондук жарышта кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин сексен алтынчы болуп келди.
Алгачкы 21 чакырымдык айлампада Тяпкин 123-позицияда келе жатса, экинчисинде 86-орунга ээ болду.
Мекендешибиздин жыйынтыгы жалпы 2 саат 24 минут 19 секундду түзду. Бул көрсөткүч спортчунун жеке рекордунан 5 минута ашык.
Жарышта алтын медалды кениялык Элиуд Кепчоге (2 саат 8 минут 44 секунд) алса, 2-орунга Эфиопия спортсмени Фейсу Лилеса, 3-орунга АКШлык Галена Раппа ээ болду.