Кыргызстан Рио-2016да: Кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин марага сексен алтынчы болуп келди

Риодогу жайкы олимпиадада 155 спортчу жарышкан 42 чакырым 195 метрлик марафондук жарышта кыргызстандык жөө күлүк Илья Тяпкин сексен алтынчы болуп келди.

Алгачкы 21 чакырымдык айлампада Тяпкин 123-позицияда келе жатса, экинчисинде 86-орунга ээ болду.

Мекендешибиздин жыйынтыгы жалпы 2 саат 24 минут 19 секундду түзду. Бул көрсөткүч спортчунун жеке рекордунан 5 минута ашык.

Жарышта алтын медалды кениялык Элиуд Кепчоге (2 саат 8 минут 44 секунд) алса, 2-орунга Эфиопия спортсмени Фейсу Лилеса, 3-орунга  АКШлык Галена Раппа ээ болду.