Рио-2016: Допингге байланыштуу эң чоң чыр-чатактар

Кыргызстандык оор атлет Иззат Артыков Риодогу жайкы олимпиадада алган коло медалынан допинг-тесттин жыйынтыгынан улам кол жууду. Спортсмендин организминен стрихнин (күчтүү булчуң кызытмасы) табылган. Артыков Риодогу допинг колдонду деп күнөөлөнгөн жалгыз спортчу эмес, жарыштан керек болсо килейген курама командалар четтетилген. Kloop.kg төмөндө допингге байланышкан эң ызы-чуулуу фактыларды сунуш кылат.

Жеңил атлетика боюнча Орусиянын курама командасы

Олимпиададагы эң чоң допинг чыры ушул командага байланыштуу.

Орус жеңил атлеттери улуттук федерациянын дисквалификация болгондугуна байланыштуу оюндардан четтетилген. Федерациянын квалификациясынан ажырашына көз каранды эмес эксперт Ричард Макларендин докладын уккандан кийин Жеңил атлеттердин эл аралык федерациясынын (IAAF) кеңешинин чыгарган чечими себеп болду.

Иликтөө Москвадагы Григорий Родченковдун лабораториясынын мурдагы башчысынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзүлгөн. Докладда айтылгандай, Орусиянын спорт министрлиги ФСБнын жардамы менен допинг пробаларды алмаштырып, спортсмендердин допинг тесттен кыйшайбай өтүшүнө жардам берген. Жыйынтыгында, 2012-жылдан 2015-жылга чейин спорттун 30 түрү боюнча 643 спортчунун тесттеринин жыйынтыгы бурмаланган.

Допинг табылган 52 тесттин 49унда 2016-жылдын 1-январынан баштап тыюу салынган мельдоний табылган.

IAAFтын башчысы Себастья Коу Орусиянын жеңил атлеттер федерациясы белгиленген талаптарга жооп бербегендиктен мүчөлүүкө кайра кабыл алынбастыгын жар салды. Бул орус жеңил атлеттери IAAF өткөргөн мелдештерге катыша албайт дегенди билдирет.

Бирок, эл аралык ассоциация бул алдамчылыкка катыштыгы жоктугун далилдей алган спортчулар мелдештерге катыша аларын шарданалаган. Буга байланыштуу, бир гана Дарья Клишина жарышка түшө алды.

Кытай суучулдары

Кытайдын курама командасы да допинг ызы-чуусуна аралашып калды.

Француз суучулу Камиль Лякур кытай спортчусу Сунь Яндын заарасынын кызгылт көк экендигин байкап калып чыр чыгарган.

Камиль Лякур анализ тапшырып жатышканда атаандашынын заарасынын түсүнө көңүл бурган. Ал Сунь Яндын допинг колдонуп жаткандыгын айгинелеген фактылар турса да, аны Олимпиадага катышууга уруксат беришкендерине нааразычылык билдирген.

Буга чейин кытай суучулун австралиялык Мак Хортон дагы айыптап, атаандашынын допинг-пробаларды тапшырууда алдамчылыка барып жатат деп жарыялаган. Спортчу 2014-жылы да тыюу салынган заттарды колдонгондугу үчүн айыпталып, үч айга квалификациясынан ажыратылган эле.

Кытайлык суучулдардын арасынан допинг колдонгон айымдар да чыкты. Спортчу Чен Сеньинин канынан гидрохлоротиазид заты табылды. Ал Олимпиадалык оюнарда 50 метрге эркин сүзүүдө жарым финалга чейин жеткен, бирок допинг чырынан улам жарышын уланта алган жок.

Анын айтымында, анализден табылган допингден спортчунун кабары жок болгон, ошол себептүү кайра текшерүүлөрүн суранган. Бирок, текшерүүнүн жыйынтыгы чыга электе эле жарышка катышуудан өзү баш тартты.

Казакстандын оор атлетика курама командасы

Казакстан дагы допинг чырынан четтеп өтө алган жок. Төрт оор атлетчинин анализинен допинг табылган.

Алардын ичинен эки жолку олиампиадалык чемпион Илья Ильиндин канынан станозолол табылып, лицензиясынан ажыраса, Лондондогу олимпиаданын жеңуүчүлөрү Светлана Подобедова, Зульфия Чиншанло жана Майя Манезаны текшерүудо допинг чыгып, Риодогу олимпиадага катышуу укугунан ажырашты.

Казакстандын оор атлеттери эми бир жыл бою эл аралык мелдештерге катыша алышпайт. Бирок, спорттук арбитраждык сот допинг колдонбогон оор атлетчилерге катышууга уруксат берди.

Болгариянын оор атлеттер курама командасы

Эл аралык оор атлетика федерациясынын аткаруу комитети (IWF) Болгариянын бир нече спортсменин допинг колдонот деп айыптап, курама команданы олимпиадалык оюндардан четтетти.

11 болгар оор атлетчиси канына табылган станозолол заты үчүн спорттук таймаштардан убактылуу четтетилишти.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, спортчулар ичүүчү тамак-аш кошулмасын өндүрүү убагында этиятсыздыктан улам станозолол аралашып кеткендиги  допинг-тесттин тескери жыйынтыгына себепкер болгон.

Соавтор: Дарья Шушпанова