«Өзбек милициясынын формасындагы» жети адам чек арадагы Унгар-Тоо аймагына тик учак менен түшүрүлдү

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы өзбек милициясынын формасын кийген жети белгисиз адам чек арадагы талаштуу Унгар-Тоо аймагына тик учак менен түшкөндүгүн билдирди.

«Кербен» чек ара тозотуна тиешелүү Унгар-Тоо талаштуу аймагына тик учак менен коңшу өзбек мамлекетинин укук коргоо органдарынын формасын кийген жети адам түшүрүлгөндүгүн Кloop.kg маалымат басылмасына өлкөнүн чек ара кызматы билдирди.

Маалымат бөлүмүнүн кызматкери Сажира Чоколоеванын Kloop.kgге берген маалыматына караганда, белгисиз адамдар МИ-8 тик учагынан түшүрүлгөндүгүн кыргыз чек арачылары байкаган. Анын айтымында, белгисиз адамдар Кыргыз Республикасынын телемунарасынын ретранслятору жайгашкан Унгар-Тоо аймагында дагы эле жүрүшөт. А тик учак адамдарды түшүргөн соң учуп кеткен.

«Биздин тарап өзбек чек арачылары менен байланышканда, алар мындай иш-аракеттерден эч кандай кабары жоктугун билдиршкен. Алар дагы өзбек милициясы эмне себептен ушунай кадамга баргандыгын тактап жатышат. Азыр эки тараптын чек ара өкүлдөрүнун жолугушуусу макулдашылды жана окуя тууралуу кошумча маалыматты беребиз», — деди ал.

Ал кошумчалагандай, азыр чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана алардын жолугушуусу тууралуу макулдашылды.

Чек арада азыр абал туруктуу жана чек арачылар тарабынан толук көзөмөлдө.

Эки өлкөнүн ортосунда такталбаган чек ара аймактарындагы талаш-тартыштар СССР кулап, эгемендик алгандан бери уланып келе жатат.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын март айында өзбек бийлиги эки БТР жана эки КамАЗ аскер адамдарын талаштуу аймакка киргизген. Буга кыргыз тараптын Орто-Токой (Касансай) суу сактагычына иштөө үчүн өзбек адистерин өткөрүүдөн баш тарткандыгы себепчи болгон.

Кыргызстандын бийлиги буга жооп кылып, талаштуу аймакка аскер адамдары менен 2 БТРди коюшкан. Эки тараптын аскерлери аймакта 18-марттан 26-мартка, коңшу өлкөлөрдүн чек ара башчылары аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашуусуна чейин турушкан.

Сүрөт: АКИпресс