25 жылдан бери биринчи жолу КУУнун окутуучулары тандоодон өттү. Эмнеге нааразычылык туулду?

КУУнун эки жүздөй кызматкери окутуучуларды кайра тандоого каршылыгын билдирип митингге чыгышты. Кайра тандоонун себепчиси өтпөй калган 30 адам болду. Эми миңден ашык окутуучу жумуш ордунан ажырап калуудан чочуп турушат.

Өзү эмне болду?

Июндун аягында Кыргыз улуттук университети (КУУ) 25 жылдан бери биринчи жолу профессордук-окутуучулук курамды тандоодон өткөрдү. 1308 адамдан 30у өтпөй калды.

Тандоодон өтпөй калган мугалимдер 23-августта Билим берүү министрлигине кайрылып, Эльвира Сариевага тандоодо эрежени бузуулар болуп өткөндүгүн билдиришкен.

Мындан соң министрлик тандоодогу «эреже бузууларды» текшерүүчү комиссия түзгөн. КУУнун илимий иштер боюнча проректору Эрмека Лайлиева эреже бузуулар «анча деле көңүлгө алууга болбой тургандыгын» айткан.

Окутуучулар эмнеге нааразы?

Кайрадан сынактан өтүшөөрүнө. 24-августта сынактан өткөндөр министрликтин алдында митингге чыгып, кайра тандоого каршы экендигин билдиришкен.

«Сынактан кайра өтөбүз деген кепилдик барбы? Кепилдик жок», — деди КУУнун доценти Турдаалы Супатаев.

Анын оюнча, биринчи тандоо «таза» өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондор «өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп жатышат».

Окутуучулардын митинги максатына жеттиби?

Жок.

Билим берүү министри Эльвира Сариева нааразычылык билдиргендер менен бир жарым саат маектешкен соң кайра тандоону өткөрүү тууралуу чечимин өзгөрткөн жок. Ал комиссиянын текшерүүсүнө жана алар таап чыккан мүчүлүштүктөргө таянды.