БШК 232 миллион сомго урналарды «мыйзам бузуулар» менен сатып алды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эки күндө Европа Биримдигинин (ЕБ) 232 миллион сомдук грантына добуш берүүчү урналарды сатып алды. Тендер мыйзам бузуулар менен өтүшү мүмкүн. БШК болсо бардыгы мыйзамдуу өткөн деп айтууда.

Боршайкомдун тендери мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган. Ага ылайык комиссия ЕБ бөлгөн 232 миллион сом гранттын акчасына 2 миң урна сатып алды.

Арыздар 15-августка чейин кабыл алынган, бирок документтерди кабыл алууга болгону дем алыш күндү эсептебегенде, эки гана күн бөлүнгөн.

БШК сатып алууну түз келишим түзүп ишке ашырган. Мындай ыкма Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамда каралгандай, айрым учурларда гана колдонууга болот.

«Акчабар» каржы порталы билдиргендей, бул ыкма «мыйзамсыз» колдонулган.

«Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдын 21-беренесинде көрсөтүлгөн 11 негиздеменин бири дагы БШКнын сатып алуусуна туура келген жок. Бирок мекеме болбой эле сатып алууларды ишке ашырды», — деп жазылган «Акчабарда».

Басылма БШК колдонгон ыкмасын жеке эле мыйзам менен эмес, парламенттин 2015-жылдын 9-апрелиндеги токтому менен да негиздеген деп жазат.

Жыйынтыгында, тендерди «Miry Systems» түштүк корея компаниясы жеңип алып, салыктарды эсептебегенде 232 миллион сомдук келишим түзүлгөн.

БШКнын басма сөз борборунун кызматкери Айболот Айдосов Kloop.kgге тендерди өткөрүүдө эч кандай мыйзам бузуулар болгон жок деп билдирди.

«Албетте, биз эч кандай мыйзамды бузган жокпуз. Биз “Акчабарга” маалымат бергенбиз, бирок алар аны бурмалап, таптакыр башка мааниде беришти.[…] Биздин токтомдорго ылайык, тендерди ушундай кыска мөөнөттө өткөрүү мыйзам бузууга кирбейт», — деди ал.

Айдосов бул компанияны тандагандарын аны менен мурдатан бери кызматташып жүрүшкөндүгү менен түшүндүрдү.

«Эгер биз башка уюмдардан сатып алсак, анда жабдуулар талапка жооп бербей калышы да мүмкүн. Экинчиден, алар бизге бир аз арзандатып беришти. Алар башынан бери эле бизди урналар менен камсыздап келе жатышат. Анын үстүнө алар биздин кызматкерлерибизди көптөн бери жабдуулар менен иштешке үйрөтүп келишет», — деди ал.

«Прецендент» компаниясынын юристи Жибек Кенжебекова Kloop.kgге тендерди өткөрүү ыкмасы бир дагы негиздемеге туура келбейт деп белгиледи.

Ал БШК таянып жаткан 2015-жылдагы парламенттин токтому буга туура келбейт деп түшүндүрдү.

«Алар сөз болуп жаткан токтомго таяна алышмак, бирок азыр жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык жүрүп жатат. Токтомдо болсо Жогорку Кеңештин гана депутаттарын шайлоодо мамлекеттик сатып алууларды бир булак менен жүргүзүүгө болот», — дейт ал.

Кенжебекова түз келишим түзүү «эң коррупциялуу» деп эсептейт. Анткени ал сатып алып жаткан уюмга сынакка катышып жаткандар тууралуу бардык маалыматтарды жашырып коюуга мүмкүндүк берет.

«Мыйзам боюнча тендер аяктагандан кийин аны жарыялаган уюм сынакка катышкандар тууралуу бардык маалыматтарды бериши керек. Түз келишим түзүүдө алар муну кылбай койсо болот», — деп кошумчалады ал.

Сүрөт: 24.kg