Кыргыз борбор калаасы Бишкектин айланасындагы көп шаарлар жана айыл аттары славянча, ал эми тоолордо кыргызча аталгандыгы көп кездешет.
Бул көрүнүштун башы орус жана кыргыз өкмөттөрү үчүн маанилүү дата болгон 1916-жылда жатат. Бул дата — Кыргызстандагы көптөгон мектептерде да талкуулаганга татаал тема.
Макаланын түп нускасы Eurasianet.org сайтында жарыяланган.
Бул жылы бүтөөр-бүткөнчө Кыргызстандын саясатчылары жана тарыхчылары орус империясынын жергиликтүү мусулман калкын Биринчи Дүйнөлүк согушта Чыгыш фронтунда согушуу үчүн империянын армиясынын катарына алууга каршы чыккан көтөрүлүштө 100 миң же андан ашык кыргыздар каза тапкан 1916-жылдагы окуялар жөнүндө далай жолу эскеришти.
Ал окуяларды изилдөө анча терең жүргүзүлгөн эмес, өзгөчө кыргыз тараптан. Бирок бул нерсе жергиликтүү тарыхчыларга Үркүндү ийгиликсиз аяктаган көз карандысыздык үчүн күрөштүн туу чокусу деп атоолоруна тоскоол боло алган жок. Изилдөөлөрдүн чийкилиги айрым көрүнүктүү адамдарга 1916-жылдагы окуяларды падыша аскерлери тарабынан жасалган геноцид деп атоого мумкүнчүлүк берди. Мындай абал Орусиянын жана ар кыл улуттун өкүлдөру окутулган класстарга сабак берген мугалимдер үчүн жагымсыздыкты тартуулады.
«Элдик курултай 1916-жылкы трагедияны кыргыз элин кыргынга салуу деп тапты», – деп жарыялады коомдук комиссиянын мүчөсү, оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров. Ал Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөн мамлекетттик комиссиясы менен тең катар Үркүндү иликтөө менен алектенүүдө.
«Комиссия курултайдын чечимин коомчулукка жана бийликке, ошондой эле Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Тажикстандын жана Түркиянын президенттерине жеткирүүнү чечти», — деп кошумчалады ал.
Бул тема Кыргызстандын мектеп программасына 1991-жылы республика эгемендикке жеткенден кийин киргизилген. Советтик окуу куралдарында Үркүн жөнүндө жазылган эмес.
1991-жылдан бери чыгарылган окуу китептеринин айрымдары Орусиянын окумуштууларынын жана славян коомдук бирикмелеринин ачуусуна тийди. Бирок тарых сабагынан берген мугалимдер бул жаатта ар дайым эле мектеп программасынын чийген «Чынын айтканда, бул теманы окугандыгыбыз эсимде жок, — деп айткан EurasiaNet.org басылмасына 20дан бир аз ашкан журналист. – Бирок бул мени таң калтырбайт. Анткени мен орус мектепке баргам жана мугалим этникалык орус болчу».
Бирок программанын алкагынан минтип чыгуу кыйынчылыкты туудурат. Анткени орус падышасынын репрессиясынан тоо ашып, Кытайга качып, көптөгөн кыргыздардын өлүмү менен аяктаган Үркүн темасына кызыгуу кылымдын башынан бери бир топ эле жогорулады.
YouTubeдагы көтөрулүш жөнүндөгү фильмдин трейлерин учурда миңдеген адамдар көрүп чыгышты. Мындан тышкары, октябрда темага байланыштуу изилдөө жүргүзүп жаткан мамлекеттик комиссиянын басма сөз жыйыны болуп өтөт.
Курмандыктардын калдыктарын жана орус архив материалдарын анализдөө — бүткүл Борбордук Азиядагы бир нече көтөрүлүштөрдүн бири болгон кыргыз көтөрүлүшү таш боордук менен басылгандыгына күбө болсо да, тема боюнча башка аспектилерде талаштар уланып келет. Талаштуу суроолордун бири — көтөрүлүштү уюштуруудагы сырткы таасир.
Ал жылдагы окуялар «Чоң оюн» деп аталган Азиянын борбордук бөлүгүндө Орусия менен Британиянын карама-каршылыгы жана аймакта Осмон империясынын пантүрк идеяларынын фонунда болуп өткөн. Дагы ушуга окшогон көңүлгө алчу жагдай — советтик окумуштуулар реакциялык феодал жолбашчылары деп атаган, учурда жергиликтүү тарыхчылар улуттук революционерлер деп көкөлөтүп жаткан кыргыздын манаптарынын ролу.
«Бул манаптардын өз ара ыйкы-тыйкы болуп душмандашканынан башка алар жөнүндө эчтеке деле белгилүү эмес. Алардын аракеттеринин трагедияга катышы барбы? Чет өлкөдөн буйрук алышканбы? Бардыгы болушу мүмкүн», — деди даректүү тасмаларга сценарий жазуу менен алектенген кинорежиссёр жана кыргыз телевидениесиндеги берүүлөрдүн автору Талант Жумабаев.
«Эгер ошол манаптарды баатыр деп жарыяласак, биздин азыркы манаптарыбыз, албетте, утушка ээ болмок», — деп какшыктуу кошумчалады ал.
Өз кезегинде айрым тарыхчылар Орусия 1916-жылдагы окуяларды бурмалоого аракет кылып жатат деп эсептешүүдө.
2009-жылы орустун илимий кызматкерлери мурдагы СССРдин 12 республикасында санкцияланган 187 окуу китебин изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан. Алардын бүтүмү бонча, Армения менен Беларусь өлкөсүнөн башка бардык өлкөлөрдүн окуу китептеринде Орусияга негативдүү мамиле байкалган.
Кыргызстанда орустардын талкуу бутасына 2004-жылы чыгып, эки жылдан кийин орус тилине которулган «Кыргызстандын ХХ кылымдагы тарыхы» окуу китебинин автору Мурат Иманкулов кабылды. Окуу китеби дагы эле орто мектептердин программасынын 9-классында окутулат.
«Мен аны геноцид деп атаганым жок, бирок үрккөн кыргыздар геноцидге кабылбаш үчүн ушундай ишке барышты деп жазгам [китепте]», — деп түшүндүрдү ал.
«Жергиликтүү орус улутчулдары мени орус элин жаман көргөзүп жатат деп жарыялашты. Орусия элчилигинин басма сөз катчысы аларды колдоду. Мен аларга: “Монгол элин Чынгысхандын тарыхы жаман көргөзөбү? Же немецтерди нацисттик мамлекет болгондугу тууралуу тарых жаман көрсөтөбү?” деп жооп бердим».
Эки жыл мурда 1916-жылдагы окуялар тууралуу альтернативдик изилдөө жүргузүүнү каржылоо аракетин кылган Орусия, акыры Кыргызстандын жалпы колониалдык тарыхын изилдегенге акысы бар экендигине көндү окшойт.
Иманкулов сыяктуу эле кыргыздын өкмөттүк тарых комиссиясынын мүчөсү катары кызмат өтөгөн тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин EurasiaNet.org менен маектешүүдө алар жүргүзүп жаткан иштерди орус элчилиги толук колдоп жатканын жана Москванын архивдик мекемелеринин жардам берип жатканын белгиледи.
Бирок Бишкете славян улутунун өкүлдөрү Үркүн темасынын коомчулукта, өзгөчө тарыхчылардын аракети менен Кыргызстандын тарыхына арналган окуу сааттарын көбөйүп жаткан мектептерде мааниси өсүп жатканы тынчсыздандырып жатат.
«Мен Алматыга барганда [коңшу Казакстанда], ал жактан орус-казак жуптарын көп эле көрөм жана буга байланыштуу эч кандай көйгөй жок. Бирок бизде андай эмес. Акыркы он жылда улутчулдук мамиле көп эле кездешүүдө», — деди жети жаштагы уулу бар 35теги орус тилдүү кыргызстандык Тамара Тихонова.
«Алар сабактарда Үркүн жөнүндө айтып берип жатканда кыргыз жоокерлеринин орус келгиндерин жана орус аялдарын эмне кылгандарын да баяндап беришеби? Же Орусияга касташууну гана пайда кылабы? Ушул мени абдан тынчсыздандырат», – деп кошумчалады ал.
Орус империясына каршы ийгиликсиз көтөрүлүштө жана Үркүндө 100 миң кыргыздын өмүрүн алган 1916-жылдагы тарыхый фото. (Фото: КРнын Борбордук кинофонодокументтердин мамлекеттик архивинен)