БААУнын профессору, Бишкектеги белгилүү джазмэн Клайд Форсберг Түркиядагы жергиликтүү университетке иштегени кетип, июлдагы төңкөрүштөн кийин «террористтерди колдогондугу» үчүн кармалган. Кийин андан бардык айыптоолор алынып салынган соң, ал Кыргызстанга кайтып келди. Фосрберг Kloop.kgге өзүнүн камактагы турмушун жана Түркиядагы куугунтуктоолор тууралуу баяндап берди.
Форсберг бир канча жыл Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинде (БААУ) сабак берген. Окумуштуу академиялык чөйрөдөн тышкары джаз музыканты катары да таанылган — Бишкекте ал «Джаз’ОК» тобунда жана башка джазмэндер менен үйлөмө аспапта ойноочу.
2014-жылы Форсберг үй-бүлөсү менен Түркияга көчүп кетип, Карабүк университетинде сабак бере баштайт. Анын айтымында, 2016-жылы аскерлер төңкөрүш жасаганга аракет кылганга чейин өлкөдө бейпилчилик болчу.
Форсбергди кармап, террористтик уюмду колдодуң жана ага катышың бар деген айып тагышкан. 13-августтан 16-августка чейин ал түрмөдө отурган. Ал андан бардык айыптоолорду алып салууга жана өткөн шейшембиде бошонууга жетишти. Азыр ал кайра Бишкекке көчүп келгени менен, бирок анын үй-бүлөсү дагы эле Түркияда.
Төмөндө Форсбергдин Түркиядагы азап-тозогу баяндалат.
Чыныгы төңкөрүш
Менин Түркиядагы жашоом аскерлердин уюшкан тобу төңкөрүш жасаганга аракет кылган 15-июлга чейин бейпил болчу.
Мен Түркиянын абдан консервативдүү бөлүгүндөгү консервативдүү университетте сабак бердим. Менин студенттерим жана кесиптештерим катардагы жөнөкөй адамдар эле. Түркиядагы жашоо сонун, бул экономикасы күчтүү өлкө.
Биздин Карабүк университети абдан чоң, анда 60 миң студент билим алат. Бул жаңы университет эле — эң жаңы жана эң мыкты.
15-июлдан кийин бардыгы өзгөрдү. Төңкөрүш жана көтөрүлүшчү аскерлер Босфордогу көпүрөлөрдү ээлеп алган учур, ага байланышкан нерсенин бардыгы андан кийинки окуялардын жанында эч нерсе эмес болуп калды.
Эгер сиз менден чыныгы төңкөрүш тууралуу сурасаңыз, анда ал 15-июлда болгон эмес дээр элем. Чыныгы төңкөрүш эртеси, өлкөнү толук өзгөртүү үчүн ар бир адам абалдан пайдаланып калгысы келген эртеси күнү башталды.
Менин кармалганымдын себеби, университеттер мамлекеттен алардын пикиринде террорчуларга ким жардам бериши мүмкүн болгон шектүүлөрдүн тизмесин түзүү тууралуу көрсөтмөсүн алышкан.
«Агай, алар мени кыйнашабы?»
Ар бир жумада алар жаңы тизме түзүшчү. Сиздин жеке кабинетиңизди ачкычтап бекитишчү, сиз болсо терррордук уюмду колдогондугуңузду айыптаган күрөң конверт алчусуз.
Мындан соң сиз университеттик кеңештин алдында туруп, өзүңүздү коргошуңуз керек эле. Эгер сиздин коргонууңуз жакшы болуп, күнөөсүз көрүнсөңүз анда бардыгы токточу. Бирок сиз ишендире албасаңыз анда сизди полицияга жөнөтчү.
Кандайдыр бир себептер менен Карабүктө башка университеттерге караганда көбүрөөк мугалимдер айыпталды — жүздөгөн окутуучулар шектелди. Мүмкүн, биздин ректор өкмөткө канчалык мекенчил жана лоялдуу экендигин далилдегиси келди окшойт.
Мен айыпталгандардын акыркы тобунда элем: мындан бир жума мурда биздин үч кесиптешибиз: албаниялык менин мурдагы окуучум жана эки румыниялык да айыпталышкан болчу.
Албанияда коммунисттик режимдин учурунда үй-бүлөсү террорго учураган менин коллегам жана мурдагы окуучум абалдан абдан чочулап, тынчы кетти.
Бирге кофе ичип отурганда мен аны тынчтандырууга аракет кылдым.
Ал мени карап минтип сурады: «Агай, алар мени кыйнашабы?»
Бул абдан оор эле, мени ойго батырды. Мен бул жөнүндө унчукпай коё албасымды билдим да «Фэйсбукта» пост жарыяладым:
«Мейли, университет менин иш бөлмөмдү бекитип койсун, мейли алар дагы менин атыма жаңы күрөң конверт даярдашсын, мейли алар мага келишсин».
Дал ушундай болду.
Кийинки жумада менин үйүмө полиция келди, бирок мен үйдө жок элем. Мен Анкарадан Карабүккө автобус менен келе жаткам. Алар менин дисктеримди, музыка жазылган CD-дисктеримди, телефонумду алышыптыр.
Аялым чалып, полиция мени камакка алууга келгенин айтты. Мен эки сааттан кийин келеримди айттым. Алар мага автобусту көздөй машинесин жиберишти.
Полиция мени ооруканага алып барып, менин ден-соолугум түрмөгө отурууга жарайбы, ошону текшертишти. Чындыгында ден-соолугум начар эле — бир жума мурда жүрөгүмө операция жасатыш үчүн ангиограмма жасаткам.
Дарыгер аларга: «Жок, ал түрмөгө отурууга ден-соолугу начар» деп жооп берди.
Алар докторго «дагы бир жолу ойлонуусун» айтышты. Ошондо врач менин ден-соолугум жайында деп билдирди.
Мени полицияга алып барып, көз айнегимди, саатымды алып алышты, ошондуктан көрө да албай калдым. Алар бут кийимимдин боосун чечүүгө мажбурлап, тепкич менен төмөн жакка түшүрүп, түрмөгө камашты.
Мен түркчө сүйлөй албайм, ошондуктан полициянын эмне жөнүндө сүйлөп жатышканын да түшүнө алганым жок. Ал жерде уктоого жай жок эле, жалпысынан ыңгайсыз болчу. Жөн эле отургучтар турган, анан да мага жууркан беришти.
Бизге эртең мененки тамак үчүн кичинекей табакка картошка менен помидор, анан шише суу беришти. Түшкү жана кечки тамакка — сендвич.
Полиция денеге залал келтирген жок. Бирок психологиялык оор көз ирмемдер болду, мисалы камерадан менден башкасынын баарын чыгарып, жалгыз калтырышкан убактарда. Мындай кездерде мен азыр шумдук башталат деп ойлочумун. Бирок андай болгон жок.
«Мен өзүмдү зордукталгандай сездим»
Кийинки күнү алар менин телефонумду блоктон чыгаруумду буюрушту. Алар менин жеке жазышууларымды жана үй-бүлөмдүн сүрөттөрүн барактап чыкканча маңдайларында отурдум.
«О, бул сиздин уулуңуз!» — деди бир полиция кызматкери. Мен алардын досторундай айтылды бул сөз.
Мен өзүмдү зордукталгандай сездим, бул абдан жаман абал эле. А алар күлүп жатышты. Бул абдан кызыктай абал эле.
Алар эчтеке таба алышпай, ушул жөнүндө рапорт түзүштү, бирок бардык буюмдарды өздөрүндө калтырышты.
Кийинки күнү мени кайра суракка чакырышты — бул менин түрмөдөгү үчүнчү күнүм болчу.
Алар көп суроо беришти.
— Сиздин китептериңиз барбы?
Албетте, менин илимий китептерим бар, бирок мен аларга «Жок» деп жооп бердим.
— Сиз гезит окуйсузбу?
— Албетте, жок.
— Журналдардычы?
— Албетте, жок.
— Сизде бир долларлык банкнота барбы?
(Алар бардык төңкөрүшчүлөр бири-бирин тааныш үчүн өздөрү менен бир долларлык акча алып жүрөт деп ойлошчу).
— Албетте, жок.
Бардык суроолорго «жок» деп жооп берип жаттым.
Алар менден WhatsApp колдоносуңбу деп сурашты, анткени террорчулар аны колдонушчу. Эгер сен WhatsApp колдонсоң, анда сен — террорчусуң.
Мен суроолордун баарына жооп берип жаттым. Мунун баары мага анча деле жаман көрүнгөн жок. Мага кутулчудай сезим пайда болду.
Алар мени кадимки киши өлтүргүчтөн бетер сүрөткө тартып, манжаларымдын сүрөтүн алышты. Мындан соң камерага жөнөтүштү.
«Эй, Америка, бери кел!»
Төртүнчү күнү маанайлары кескин өзгөрүлдү. Буга чейин алар жөн эле мыскылдай күлүп, мамиле кылып жатышкан, маанайлары кийим которунуучу жайдагы балдардыкындай эле.
Бирок төртүнчү күнү эч ким күлгөн жок. Күтүүсүздөн бардыгы абалдын олуттуу экенин сезишти.
Башынан баштап эле мени алар «Америка» деп аташкан — «Америка, ха-ха-ха, бери кел!»
Ошол кезде мен кезектин эң акырында турсам: «Эй, Америка, бас, башына чык» деп кыйкырышты.
Мен «өлдүм» деп ойлодум.
Бирок мен алар чындыгында эмне кылышаарын билген эмесмин.
Мени «perp walk» процесси күтүп турган — анда камактагы адамды журналисттерге чыгарышат. Анан алар төңкөрүштүн артында Америка турат деген идеяны колдош үчүн мени, Америка жаранын сүрөткө биринчидерден кылып тартууну каалашты.
Мунун баары пропаганданын бир бөлүгү эле. Шумдуктуудай жагымсыз абал.
Мен камераларды көрүп, алардын эмне кылаарын түшүнгөн соң, жерге кирип кетүүнү каладым. Бирок полициянын жинине тийбеш үчүн каршылык кылганым жок.
Алар бизди соттун бөлмөсүнө алып кирип, колду бириктирип бутту жайып, түз отуруубузду буйрушту. Шумдуктуудай жагымсыз абал.
Биз бир жарым сааттай күттүк, анан бизди сотко алып барышты. Ал кадимки кеңседе отурган, мен жайланыша отурдум. Бирок мага түз, бутумду жайып отуруумду буйрушту.
Ал менден эмнеге Фатих университетинде окуганымды сурады — бул мындан 12 жыл мурда болгон эле. Алар Гүлендин адамдары мени АКШдан Түркияга алып келишкен деп болжолдоого аракеттеништи.
Бирок алар мени жарандыгыма карабастан АКШда акыркы 50 жыл жашабаганымды түшүнүшкөн жок. Алар америкалыктар сөзсүз түрдө АКШда жашашат деген түшүнүктө эле.
Түркияга мен Кыргызстандан келгем. Ошондуктан мен алардын алдын ала пикирине туура келген жокмун.
Мен аларга Фатих университетинен гүлендик кыймылга каршы болгондугумдан кетип калгам деп билдирдим.
Жыйынтыгында алар мени бошотуп, баардык айыптоолорду алып салышты да, кете берсең болот дешти. Бирок күбөлөндүргөн эч кандай документ беришкен жок.
Мен алардан: «Мен бошмунбу? Кете берсем болобу?» деп сурадым.
Алар мага: «Ооба, бошсуз. Сиз тууралуу бир нерсе тапканга чейин» деп жооп беришти.
Экинчи күрөң конверт
Мен өткөн шейшембиде үйүмө кайттым. Ошол эле замат мага университеттен чалып, келишимди өтүнүштү.
Ал жерден мага кайрадан күрөң конверт беришти. Анда соттон акталып чыкканыма карабастан, «террордук уюмга катыштыгы болгондугум жана аны колдогондугум үчүн» жумуштан бошотулушум тууралуу расмий билдирүү бар экен.
Мага мурдагы иш бөлмөмдөн буюм-тайымдарымды токтоосуз алып кетишимди буюрушту. Мен каршы болгон жокмун, бирок алар бул процессти видеого тарта башташты.
Ал кечте түрк телевидениесинен «19 чет элдик террорчулар» тууралуу репортажды көрдүм, арасында мен да бар экенмин.
Мен алар кайрадан мени алып кетишерин түшүндүм. Бирок мен ал жакка барууну каалаганым жок.
Борбордук Азиядагы Америка университети мага жумуш сунуш кылышты, ошондуктан мен азыр кайрадан Бишкектемин.
Менин албан жана румын кесиптештерим да эркиндикке чыгаары менен өлкөдөн чыгып кетишти. Университет аларды жумуштан бошотуп, жумушка кирүү үчүн уруксат кагазын алып келүүнү талап кылган. Алар чек арага келишкенде, мындай документтери жок болуп чыкты — бул деген алар өлкөдө мыйзамдан тыш жүргөн дегенди билдирет.
Бардык аракеттер бизди өзүбүздү байкуш сездириш үчүн жасалды.
Карабүктөн качуу
Мен Түркиядан өткөн жума күнү качтым — мага жергиликтүү досум жардам берди. Бошотулгандан кийин мага паспортумду кайтарып беришкен, бирок мен аэропорттон кармап алышат деп чочуп жаткам.
Эч ким менин кетип жатканымды билген жок — бул жашыруун сыр эле. Карабүктөн Стамбулга 5 саат жол.
Мен Стамбулда рейсимдин убагы келгенге чейин жашырынып жүрдүм. Каттоочу жайга келип, алар компьютердин экранынан эч нерсе көрүп калышпаса экен деп тиледим. Аэропорттун кызматкери кесиптеши менен сүйлөшө баштаганда тынчым кете баштады.
Көрсө мен ашыкча жүгүм үчүн гана акча төлөшүм керек экен. Жеңилдей түштүм.
Бардык процедураларды өткөн соң учакка отурдум, бирок алар келишип мени самолёттон кармап кетишет деп дагы эле коркуп турдум. Бирок биз Бишкекке учуп кеттик.
Тынчсыздануу сезими мени бул жерден дагы таштаган жок — мага кимдир бирөө келип менин аркаман жүр деп айтчудай сезилип жүрдү. Көнүш үчүн бир аз убакыт керек болду.
Менин үй-бүлөм дагы эле Түркияда. Мен аларды аяктан алып кетип, белгилүү бир убакытка чейин Кыргызстанда жашай туруш үчүн акча чогултуп жатам. Америкадагы досторум албетте аларды кабыл алышмак, бирок аялыма виза керек — ал кыргызстандык. Биз Американын элчилигинен жардам сурадык, бирок алар жардам берүүнү каалашпады.
Жакында Түркиядагы студент кызым менен жазыштым. Ал күйөөсү жумуштан айдалып, полиция кармап кеткенин айтты. Ал кимге кайрыларын, эмне кыларын билбей башы маң.
Алар түрктөр — бул алардын үйү. Мен качып кетип башка жактан жашай алам, а аларчы?
Жаңы Түркия — эски Германияга окшош. Адамдар жөн эле бири-биринин үстүнөн чагым кылып, полицияга жеткире башташты.
Менин интервью берүүгө макул болгонумдун себеби — мунун баары абдан чоң мааниге ээ.
Болуп жаткан шумдук — чыныгы жамандык.
Бирок биз унчукпай, өзүбуз жөнүндө гана ойлой берсек, жамандыкты дагы кубаттандырабыз. Биз буга жол бербешибиз керек.
Авторлор: Александра Титова, Азат Рузиев, Анастасия Шевцова.