Москва: 14 кыргызстандык кыз-келиндердин өмүрүн алган өрт тууралуу эмнелер белгилүү?

Алтуфьев шоссесиндеги өрттө 17 адам каза тапкан, алардын ичинен 14ү кыргызстандыктар. Өрт жана курман болгондор тууралуу эмнелер белгилүү?

Кыскача
  • 27-августта эртең менен Москвадагы кампада 17 адамдын өмүрүн алган өрт башталган;
  • Алардын ичинен 14ү — кыргызстандыктар;
  • Өрткө 1-кабаттагы электр чырагынын жарактан чыкканы себеп болгон;
  • Президент Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам берүүнү тапшырды;
  • Аман калган кыргызстандыктар куткаруу кызматынын ишине нааразы;
  • Кампанын администрациясы имараттын ичиндеги жумушчулардын так санын жашырып, имараттын план-чиймесин куткаруучуларга берген эмес.
Кененирээк

Иске уулануу

Москванын түндүк-чыгыш бөлүгүндө Алтуфьев шоссесинде 27-августта өнөр жай аймагындагы кампа өрттөнгөн. Тилсиз жоо 14 кыргызстандыктын жана 3 Орусия жаранынын өмүрүн алган. Орус ӨКМнин билдирүүсү боюнча, курман болгондор турган бөлмө жабык болгондуктан, куткаруучулар дубалды талкалап кирүүгө аргасыз болушкан.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги өртүн чыгыуу себеби электр чырагынын жарактан чыкканынан деп түшүндүрдү. Чырак жарылып, андан чачыраган учкундардан шып өрттөнө баштаган.

Курман болгондордун бардыгы түнкү нөөмөттөн кийин чечинүүчү жайда болушкан. Көз ачып-жумганча каптаган жалын курмандыктарына имаратты таштап кетүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Бардыгы иске ууланып каза табышкан.

Жарандардын курман болгондугу тууралуу факты боюнча «эки же андан көп адамдын өлүмүнө себепкер болгон коопсуздук эрежелерин сактабоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Өрттө каза болгондордун тизмеси:

  1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Акбулуң айылынын тургуну;
  2. Бообекова Гульбара Джумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын тургуну;
  3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Жала-Абад облусунун Сузак районундагы Кыз-Көл айылынын тургуну;
  4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районундагы Төөлөс айылынын тургуну;
  5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну;
  6. Азимжан кызы Махигуль, 03.12.1995-жылы туулган, Жала-Абад облусунун Ноокен районундагы Курулуш айылынын тургуну;
  7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылынын тургуну;
  8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;
  9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Алай районунун Кабылан айылынын тургуну;
  10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын тургуну;
  11. Коргонбай кызы Жанылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Ош облусунун Карасуу районундагы Кара-Дөбө айылынын тургуну;
  12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын тургуну;
  13. Алабердиева Кыял Долоткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Челпек айылынын тургуну;
  14. Абдумаматова Айчурок Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.

Жабырлангандар Москвадагы медициналык жайларга жеткирилген:

  1. Калбай кызы Кызбурак (3-корпус, кайра жандандыруу бөлүмүндө, абалы — оор);
  2. Кадыржанов Нурмухамед Абдулазизович , 22.04.1996-жылы туулган (абалы оор туруктуу, күйүк борборунда, жакшы болуп кетишине үмүт чоң);
  3. Исраил уулу Уларбек, 15.12.1992-жылы туулган (абалы оор туруктуу, жакшы болуп кетээрине үмүт чоң, күйүк борборунда)

Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу өкүлү Болот Отунбаев Kloop.kgге ооруканада жаткан кыргызстандыктардын күйүккө кабылбагандыгын, бардыгы иске уулангандыгын билдирди.

«Каза болгондор да күйгөн эмес, бул — толугу менен иске уулануу», — деп кошумчалады ал.

Президент Алмазбек Атамбаев Москвадагы өрттөн каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Ал каза болгондордун үй-бүлөлөрунө материлдык жардам берүүгө жана ар тараптан колдоого көрсөтмө берди.

Болот Отунбаев Kloop.kgге президентттин көрсөтмөсү менен каза болгондордун сөөгүн алып келиш үчүн Москвага атайын борт жөнөтүлөөрүн билдирди.

«Бардык курман болгондордун сөөктөрү туугандары мене бирге ушул борт менен жөнөтүлөт. […] Москвадагы өлүкканаларда соттук-медициналык экспертизалар жүргузүлөт. Биз эртең мекенибизге атайын борт жөнөтүүнү пландап жатабыз. Ал адегенде Москва-Ош маршруту менен учуп барып, мекендештерибиздин сөөктөрүн тапшырып, андан соң Бишкекке калганын жеткирип барат», — деди  Отунбаев.

Ал ар бир үй-бүлөгө жайына бериш үчүн каражат бөлүнөрүн кошумчалады.

Өрттү дароо өчүрүшкөн эмес

«Азаттык» радиосу билдиргендей, өрт өчүрүүчүлөр адамдарды куткарууну жана өрттү өчүрүүнү дароо башташкан эмес. Бир нече адамды басмаканада иштеген жигиттер куткарган.

Окуянын күбөсүнүн айтымында, эгер ӨКМнин кызматкерлери ыкчам иш алып барышканда, мүмкүн өрттү убагында өчүрүп, адамдарды сактап калууга болмок.

«Өрт өчүрүүчү унаалар 15 мүнөттөн кийин келишти. Алар мындан ары эмне кылаарын ойлонуштурганча биздин балдар куткара башташты. Анан бир маалда жергиликтүү тургун келип, окуяны видеого тартып, интернетке коюуну кеңеш берди, “Бардыгы көрсүн, Орусиянын ӨКМү кандай иштейт экендигин”», — деген ал.

Азамат Ахматовдун айтымында, өрт өчүрүүчүлөр өрттү гана өчүрүп жатышты, адамдарды сактап калууга аракет кылышкан жок.

«Өрт өчүрүүчүлөр келгенде алар адегенде өрт жалындап жаткан жерди өчүрүүгө гана киришишти. Биз 4-кабатта кыздар бар экендигин билчүбуз, аларга дароо айтканбыз… Алар болгону өрттү гана өчүрүштү, башка эчтеке кылган жок», — деди ал.

Окуяга күбө болгондор кыздарды сактап калууга аракет кылышты, бирок ӨКМнин кызматкерлери аларга аралашпоолорун айтышкан.

Администрация маалыматтарды жашырган

«ТАСС» маалымат агенттигинин билдиргениндей, кампанын администрациясы чукул кырдаал кызматтарына имараттын ичиндеги жумушчулардын так санын айтпай, имараттын планын берген эмес.

Басылма чукул кырдаал кызматтарындагы анонимдик булакка таянып маалымат берген.

«Өрттөнүп жаткан имаратка өрт өчүрүүчүлөр келгенде администрация ичкериде үч гана адам бар деп айткан. Бирок чалгындоо учурунда өрт өчүрүүчүлөр жардам сураган 12 адамды табышкан. Бардыгы куткарылган. Ушуну менен бирге эле администрация кандайдыр бир себептер менен так эмес маалымат бериип жатканы айкын болду жана өрт өчүрүүчү жана куткаруучу бөлүмдөр дароо эле мүмкүн болгон жабырлануучуларды издеп табууга болгон күчүн жумшашты», — деген анонимдүү булак.

Анонимдүү булак кошумчалагандай, куткаруу иштерине администрация имараттын чиймесин бербей койгону татаалдык жараткан. Анын айтымында, чукул кырдаал кызматына кайрылуу өз убагында болгон эмес, өрт өчүрүүчүлөр келген маалда 150 квадрат метр аянт жалындап жаткан.

«Алдын ала билдирүүлөргө таянсак, өт өчүргүчтөр келген маалда 16 адам күйгөн заттардын түтүнүнө ууланып каза табышкан болчу», — деген ал.

Анын айтымында, бул кампада полграфиялык продукция жана боёктор, лактар сыяктуу материалдар сакталчу. Алар күйгөндө өмүргө коркунуч келтирүүчү заттар бөлунүп чыгат. Адамдар ушул иске жөн эле ууланып калышкан.

Имараттын жабырлануучулар жүргөн тарабы өрттүн очогу менен торолуп калган, ал эми эвакуациялоочу чыгышы жок болгон.

«Мүмкун болгон жабырлануучуларды издөө маалында өрт өчүрүүчүлөр бул бөлмөнү табышкан, бирок ага кириш үчүн алар дубалды бузуп кируүгө мажбур болушкан», — дейт аноним.

Болот Отунбаевдин айтымында, иликтөөчү комитет текшерүүлөрдү, анын ичинде чукул кырдаал кызматтарын жүргүзмөкчү.

«Аларга бул жайда жабырлануучулар бар экендигин билдиришкен эмес жана имараттын чиймесин беришкен жок деген маалымат чыгып жатат», — деди ал.

Бишкектеги жана Москвадагы аза күтүү акциялары

Курман болгондордун жакындарына көңүл айтуу үчүн кыргызстандыктар 28-августта Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына чогулушту. Активисттер курман болгон кыз-келиндердин аты-жөнүн жайгаштырган монументке гүл коюшту.

Каза болгондорду эскерүүгө президентттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова, Жогорку Кеңештин депутаттары келишти.

«Эң негизгиси — сөөктөрдү мекенибизге алып келүү. Бул маселени Орусия Федерациясынын иликтөөчү органдарынын деңгээлинде чечүү керек, анткени окуя аларды аймагында болуп өттү. Андан соң жыйналыш өткөрүлүп, аза күтүү жарыяланарын чечебиз. А азырынча негизгиси сөөктөрдү мекенине кайтарып жол-жобосу менен жерге берүү», — деди Ниязов.

Kloop.kgнин Москвадагаы кабарчысы Айжамал Мураталиева мындай аза күтүү акциясы өрттөнгөн басмакананын жанында да өтүп жаканын билдирди. Туугандары жана мекендештери курман болгондорду алар каза болгон имараттын жанынан эскеришкен.

3UUxieF

«Адамдар басмакананын жанына келип гүл коюшууда. Каза тапкандардын туугандары менен Кыргызстан ИИМнин өкүлү Аскат Алиев сүйлөшүп жатат», — деп билдирди кабарчы.

14159230_1178130228896712_574365435_n

Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү басмакананын дубалына «бизди кечиргиле» деген жазуусу бар плакаттарды илишкен.

Соавтор: Айжамал Мураталиева
Сүрөт: Айжамал Мураталева
Видео: KP.ru, Азат Рузиев, Айжамал Идирис