Өзбекстандын президентинин кызы: Атамдын абалы туруктуу

Өзбекстандын президентинин кызы Лола Каримова атасы инсульт болуп ооруканага жатканын бышыктады. Айтымында, Ислам Каримовдун абалы туруктуу.

Каримованын кичүү кызы өзүнүн «Фейсбуктагы» расмий барагында атасы ооруканага жатканын бышыктады. Анын айтымында, Өзбекстандын президентинин абалы туруктуу.

«Учурда анын ден-соолугу тууралуу ар кандай алдын алууларды айтууга болбойт. Мен адамдарга үй-бүлөнүн жеке жашоого болгон укугун урматташын жана ар кандай кызыл кулакчылыктан алыс болушун суранып кайрылам», — деп жазган.

Каримова каалоочуларды анын атасынын ден-соолугун тилөөгө чакырды. Өзүнүн жарыялоосун ал «ар кандай ушак-айыңдардын алдын алуу» деп түшүндүрдү.

«Ишемби күнү эртең менен мээсине кан куюлган себептүү ал оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө. Абалы туруктуу», — деп жазат ал.

Лола Каримованын жеке архивинен, 2014-жылдын марты.
Лола Каримованын жеке архивинен, 2014-жылдын марты.

Ислам Каримов — 78-жаштагы Өзбекстандын түбөлүк президенти — 28-августта ооруканага жаткан. Бул тууралуу Өзбекстандын басма сөз кызматы билдирген. Өзбекстандын бийлиги биринчи жолу мамлекет башчысынын оорусу тууралуу расмий билдирүүдө.

Тема боюнча: Өзбекстан: Каримов ооруканага жатты. Эмнелер белгилүү?

Аналитиктер Каримов оорусунан сакая албаса кийинки президент ким болот деген суроого тынчсызданышууда. Президенттик орунга эң башкы талапкер катары премьер-министр Шавката Мирзиёевдин аты аталып жатат.

Сүрөт: ТАСС