«Жанкечти» өзүн Кытай элчилигинде жардырды, үчөө жаракат алды

Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө 30-августта эртең менен жарылуу болгон. Унаа Кытай элчилигинин дарбазасын талкалап кирип, анын аймагында жарылган. Жарылуудан унаанын айдоочусу каза болгон. Аны кийинчерээк бийлик «жанкечти» деп атаган. Үч адам жаракат алган.

Бишкектеги Кытай элчилигинин аймагында жарылуу болуп бир адам каза таап, дагы үчөө жаракат алган. Укук коргоо органдары кабарлагандай, «Митцубиси Делика» маркасындагы унаа элчиликтин дарбазасын талкалап кирип, анын аймагында жарылган.

«АКИпресс» басылмасы укук коргоо органдарына шилтеме жасап кабарлагандай, жарылуунун күчү тротил эквиваленти боюнча 100 килограммды түзгөн. 24.kg басылмасы бир топ эле төмөн болгон деп жазат — 6-7 килограмм. Жарылуунун күчү боюнча азырынча так маалымат жок.

Күбөлөрдүн айтымында, жарылган унаанын бөлүктөрү 200 метр аралыкка чейин учкан.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков бул окуяны «теракт» деп, а өлгөн адамды «жанкечти» деп атады.

ӨКМден Kloop.kgге билдиришкендей, жардыруудан жабыркаган элчиликтин үч кызматкери — кыргыз жарандары. Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун берген маалыматы боюнча жабыркаган эки жаран 1999 жылда төрөлгөн.

«Алдын ала текшерүү көргөзгөндөй, экөөндө тең өтө каттуу мээ чайкалган, дене кокустап, майда сыныктар кирген. Азыр алардын абалдары туруктуу. Бирок ооруканада кала беришет, аларга кылдат медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова Kloop.kg менен болгон маегинде үчүнчү жабыркаган жаран боюнча азырынча дарыгерлер эч нерсе айта электигин тактады.

«Балким анын жаракатынын даражасы олуттуу эместир, балким сынык тийип эле кеткендир, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү. Ооруканага болсо ал барган эмес, ал үйүнө же жумуш орунуна кеткен. Анын жаракатынын даражасы боюнча эч нерсе кабарланган жок», — деди ал.

Жарылууда өлгөн айдоочунун ким экени тактала элек. Бирок «АКИпресс» маалымдагандай, видео байкоо «жанкечтинин» унаасынын мамлекеттик номерин жазып алган — S 9417 Q.

Бишкек боюнча Патрулдук милиция башкармалыгынын өкүлү Таалай Бугубаев маалымат базасынан мамлекеттик номердин ээсин табууга болоорун Kloop.kgге айтты. Бирок аларга эч ким мындай өтүнүч менен кайрыла элек экенин кошумчалады.

«Экстремизм жана зомбулук актылары»

Кытайдын тышкы иштер министрлиги болуп өткөн окуяны «экстремизм жана зомбулук актысы» деп атады. Бул тууралуу америкалык CNN телеканалы мекеменин өкүлүнө шилтеме жасап билдирди.

Ошону менен бирге эле, Кытайдын ТИМинин маалыматы боюнча, окуя үчүн эч ким жоопкерчиликти алган эмес.

«Бул кол салууну биз чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Кыргыз тарапты болуп өткөн окуя тууралуу маалыматтар менен мүмкүн болушунча тез арада бизди кабардар кылышын сурайбыз», — деген Кытай ТИМинин расмий өкүлү Хуа Чуньин брифингде.

Кыргызстандын өкмөтүндө чукул отурум уюшулуп, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен майрамдык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн убактарда коопсуздукту сактоо маселелерин талкуулады.

Кыргызстан 31-августта көз карандысыздыктын 25 жылдыгын майрамдайт, 3-8-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт, ал эми 16-17-сентябрда болсо Бишкекте КМШ өлкө башчыларынын саммити болот.