Футбол: Кыргызстан биринчи жолу Казакстанды 2:0 эсебинде жеңди

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда Кыргызстандын жана Казакстандын курамаларынын ортосунда достук матчы өттү. Кыргызстан 2:0 эсебинде жеңишке жетти.

Матч Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 30-августта болуп, оюн талаа ээлеринин пайдасына 2:0 эсебинде аяктады.

Достук матчы болгонуна карабастан кыргыз курамасынын жеңиши принципиалдуу болду. Анткени улуттук курама команда буга чейин казакстандыктарды утуп көргөн эмес.

1028872492

Оюн Москвада набыт болгондорду эскерүү мүнөтү менен башталып, кыргыз курамасы аза күткөн тасмалар менен талаага чыгышты.

Матчты Түркмөнстандан келген калыстар тобу карады.

1028874708

Биринчи голду кыргызстандыктар тайм аяктаар алдында 44-мүнөттө киргизишти. Ийгиликсиз көтөрүлгөндөн кийин топ кураманын капитаны Валерий Кичиндин бутуна туура учуп келип, ал алыстан сокку менен казакстандыктардын дарбазасына топту киргизди.

Эгер биринчи таймда оюн бирдей деңгээлде өтүп жатса, экинчисинде болсо кыргызстандыктар демилгени колго алып, жигердүү бастырып кирип жатышты.

1028874741

Чабуулчу Мирлан Мурзаев 81-мүнөттө ылдамдык менен талаанын ортосунан өтүп барып атаандаштын дарбазасына гол киргизип, матчка чекит койду. Оюн 2:0 эсебинде кыргыз курамасынын пайдасына аяктады.

1028873925

Кыргызстан менен Казакстандын курамалары менен бардыгы болуп жети матч өткөн: беш Казакстандын жеңиши менен экичи тең чыгуу менен бүткөн. Матчтардын жалпы эсеби казакстандыктардын пайдасына 18:4.

Сүрөт: Sputnik/Табылды Кадырбеков