ИИМ милицияны ыкчам чакыруу үчүн колдонмо ишке киргизет

Ички иштер министрлиги мобилдик колдонмонун ишке киргизилип жатканын презентация кылды. Колдонмонун жардамы менен милицияны ыкчам чакырууга мүмкүнчүлүк болот.

Колдонмонун презентациясы 30-августта өттү. ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Елена Аильчиева Kloop.kgге азырынча чакырууга 30 патрулдук унаа жооп берээрин айтты.

«Бирок бул пилоттук долбоор, алдыда, албетте, бардык патрулдук унааларды камтуу пландалып жатат», — деди ал.

ИИМдин расмий маалыматына ылайык, белги келип түшкөндө патрулдук унаадагы планшетте сигнал жиберген жарандын маалыматтары жана кайсыл жерде турганы картада көрсөтүлөт.

Аильчиева айткандай, колдонмону көрсөтмө боюнча пайдалангандар милиция кызматкерлери тарабынан жазалата.

«Эгер ошол эле адам эч кандай себепсиз милициянын нарядын чакыра турган болсо, андан ары ал колдонмодон пайдалана албай калат», — деди ал.

ИИМдин басма сөз борборунун өкүлү кошумчалагандай, колдонмону «Андроид» системасынын ээлери пайдалана алат. iPhone ээлери болсо колдонмону 20-сентябрдан кийин жүктөп алса болот.

Колдонмодон пайдалануу үчүн ай сайын 250 сомдук акы төлөө керек. Аильчиеванын айтымында, бул акчаларды колдонмону иштеп чыккан уюм алмакчы.

«Тактап айтайын, бир да сом ИИМдин фондуна барбайт, бардык келип түшкөн акча колдонмону иштеп чыккан компанияга барат», — деди ал.

«SOS Секюрити Кей Джи» компаниясы мобилдик колдонмону түзүүнү демилгелеп чыккан. Аильчиева тактап кеткендей, ИИМ үчүн колдонмону жасагандар акысыз иштешкен.

«Биз үчүн ушундай колдонмо жасасакпы деп алар сунушташты. Албетте, биз алардын демилгесин колдодук», — деди ал.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз борбору